Бейөкмөтчүлөрдүн көз боемочулары же Ошурахунова жана Ко кандайча чет элдик гранттарды өзүмдүк кылып алды

Кылмыштуу идеяны иштеп чыгуучулардын идеясы боюнча, уурулукту мамлекеттин бюджетинин каражатынан гана жасоого мүмкүн эмес, ошол эле убакта чет элдик грант берүүчүлөрдүн чөнтөгүнө да «кол салып» жиберсе болот. Мына ушундай кырдаалды сыпайы тил менен айтканда, бир нече ондогон жылдардан бери карай мына ушундай гранттарды мыйзамсыз өзүмдүк кылып алуу менен мамлекеттеги белгилүү укук коргоочу алек болуп келет. Динара Мажановна Ошурахунова 2007-жылдан бери ал жактан жаңжалдуу жол менен мурдагы президенти Эдил Байсалов кеткенден соң «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция» коомдук бирикмесин жетектеп келет. Бирок, жаңжал ошону менен бүткөн жок, тескерисинче күчөдү…

ММК беттеринде Ошурахунованын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча көп эле жолу жазылды. Коомчулуктан алдында адам укугу үчүн күрөшүп аткандай болгон бул айым реалдуулукта кичинекей эле башкача ой жүгүрткөндөрдү кысымга алат. Мыйзамсыз жумуштан кетирүү, финансылык ишмердүүлүктүн ачык-айкын эместиги, айлык акыларды төлөөдөгү мыйзам бузуулар – Коалициянын башына мына ушул айым келгенден бери көнүмүш адатка айланып калган. Баса, мына ушул сапаттар анын ишмердүүлүгүндөгү сапаттарга гана тиешелүү эмес. Ошурахунова мамлекетке демократиялык баалуулуктарды киргизүү боюнча өнөктөштөрү менен өтө «иштиктүү» байланыш менен гана чектелбестен, ккөбүрөөк тыгыз мамиледе болууну туура көргөн. Бирок, ал тууралуу бир аз кийинчерээк айтабыз. Ошентип Коалицияны 10 жыл башкаргандан кийин Динара Ошурахунова ал жактан ызы-чуу менен куулду. Ал эми ММК булактарына беришкен маалыматында жөн гана: «өз каалоосу менен» деп белгиленген. «Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын жаңы жетекчиси Азамат Адилов болот.

Ал Ошурахунова кызматын өз каалоосу менен өткөрдү жана анын талапкерлигин жылдырды деп мойнуна алат. Башкача айтканда, жем жей турган жеринен алыс кетүүнү эч ким пландаштырган эмес. Ошурахунова бул ызы-чуулу уюмда иштөөсүн улантып жатат, бирок «эксперт» катары. Кече жакында гана аны Коалициянын ишинен биротоло чыгарышканы белгилүү болду. Себеп – укук коргоо органдары тарабынан ички документтерди санкцияланган текшерүү болгон. Анын жыйынтыгында гранттык каражаттарга байланыштуу системалуу, масштабдуу махинациялар табылган. Тергөө иштеринин фигуранттары катары эми Коалициянын мурдагы өкүлдөрү Динара Ошурахунова, Азамат Адилов, ошондой эле Римма Какеева болууда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн республикада шайлоо процесстерине мониторинг жүргүзүү лозунгу менен алынган гранттык каражаттарды уурдоо схемасы азырынча ачык айтылбайт. Андан сырткары да алар жокко чыгара албай турган жагымсыз фактылар бар.

Мисалы, бул чарчап-чаалыкпаган укук коргоочу акыркы бир нече жылда «Коалициянын» «серый кардиналы» катары бир кыйла белгилүү Нурбек Токтакуновдун кызыкчылыгына «кызмат» кылып келген. Анын ичинде, Коалициянын гранттык булактарын Ошурахунова өзүнүн кишиси аркылуу субгрант катары Токтакунов жетектеген «Партнерская группа «Прецедент»» коомдук бирикмесине багыттап турган. Башкача айтканда, Коалициядан түз гонорардан сырткары, бул адамдардын тобу мыйзамсыз баюунун башка схемасын иштеп чыгышкан, гранттык ийнеге Токтакуновдун «Прецеденттин» да отургузуу менен өздөрүнүн дайымкы финансылык кирешесин камсыз кылышкан. Эмнеге Токтакуновду тандашкан? Бул суроого жооп жогоруда аты аталган белгилүү укук коргоочу айымдын мүнөзүнүн өзгөчөлүгүндө жатат. Ал ишмердүүлүк байланышты дайыма жеке тартылуучулук мамиле менен да дайыма бекемдеп келгенин айтпадык беле. Негизи эле эч кимдин жеке жашоосун талкуулагыбыз келбейт.

Анын үстүнө өзүн мамлекеттеги «башкы моралист» катары көрсөткүсү келип жүргөн Токтакуновдун жеке турмушуна кийлигишкибиз келбейт. Бирок, анын романтикалык жүрүм-туруму аялы менен ажырашуусуна алып келгенин билип коюу керек. Ошурахунова менен Тохтакуновду көп нерсе байланыштырып турат. Алардын фамилияларынын уйкашып кеткени бул жерде эч нерсе эмес. Болгону бейөкмөт уюмдарында жүрүп, коомдун «санитары» катары көрүнгөн адамдардын кылмыштуу схеманы иштеп чыккандары капалантат. Бүгүнкү күндө Шоурахунова өзүн «Партнерская группа «Прецедент»» коомдук бирикмесинин эксперти катары көргөзүп жана өзүнүн эл аралык уюмдардагы байланыштары аркылуу мындан ары да чет элдик гранттарды тынымсыз табуу жана аларды бөлүштүрүү менен алектенүүнү максат кылууда. Эми муну ал жаңы өнөктөшү менен жасаганы турат. Бирок, башка дагы суроо жаралат – дагы канчага чейин акча берип аткан донорлор өздөрүнө гана эмес, баардык укук коргоо коомчулугунун кадыр-баркына көлөкө түшүрүп жаткан, ачык эле алдамчылык кылып жаткан мындай укук коргоочуларга көз жуумп кое беришет? Же ал жакта дагы ушулар сыяктуу «өнөктөштөрү» отурабы?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу