Бейтаптардын үч жолу акы төлөгөнү канчалык мыйзамдуу?

Өткөн жума күнү, 8-июнда Улуттук госпиталдын ар бир врачы бул ооруканадан текшерүүдөн өткөн оорулуулардан ыраазычылык иретинде бир жеке лабораториядан конверт менен 400 сомдон алышканы кандай?.. «Жеке уюм мамлекеттик врачтарга эмне үчүн мындай марттык көрсөтүп жатат?» деген суроо туулары бышык. Кеп мында, буга чейин Улуттук госпиталдын башкы врачы буйрук чыгарып, «Интельмед»ЖЧКсы (Бонецкий) менчик лабораториясы менен кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөн. Бул кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тууралуу ЖМКларда жарыяланган эмес, сатып алуулардын суммасы да аныкталып, каржы булагы Улуттук госпиталдын бюджетине кирген эмес. Мунун баарын депутаттык комиссия аныктап чыкты.

Эми эсептеп көрөлү. Улуттук госпиталда 40тан ашуун бөлүм бар, алардын ар биринде орточо 10-12 врач иштейт. Ошондо менчик лаборатория врачтарды сыйлаш үчүн эле 160 миң сом коротуп жатабы? Кызык, анда башкы врач канча алды? Бул сыйлоолор канчалык мыйзамдуу?

Бөлүмдөрдө анализ алууну госпиталдын медайымдары өздөрү жүргүзүшөт. Менчик лаборатория буга эчтеке коротпойт. Анан калса, мамлекеттик лаборатория турганда менчик лабораторияны жалдоонун эмне зарылчылыгы бар? Натыйжада, бейтаптар үч жолу акы төлөөгө аргасыз: биринчи жолкусунда Улуттук госпиталга жатаар алдында төлөшөт. Экинчи жолкусунда жаткан соң Бонецкий лабораториясына төлөшөт. Үчүнчү жолкусунда Улуттук госпиталдын кассасына ооруканадан текшерүүдөн өткөнү үчүн кошумча акы катары төлөшөт.

Бул канчалык мыйзамдуу? Бийликтер каякты карап отурушат? Башкы врач Динара Сагинбаева, ал түзгөн коррупциялык схемалар тууралуу ЖМКларда көп эле жазылып жатат. Бул боюнча депутаттык комиссиянын документеринде да көрсөтүлгөн. Материалдар укук коргоо органдарынын да кароосунда жатат. Ал болсо тоготуп да койгон жери жок. Баягыдай эле ишин улантууда…

Касым Алиев

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу