Бегимай Карыбекова, «МИСС-2017», модель: «3 СААТТА 2 МИҢ ЕВРО АЛГАН КҮНДӨРҮМ БОЛГОН»

Бегимай Карыбекова учурда чет өлкөдө жашап, моделдик дүйнөнү багынтып жаткан кыргыз кызы. Айылдык кыз Европа менен Азиянын подиумдарына кантип жетти? Маектен окуп билиңиз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 3-сентябрь

Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок Молдо айылы

Бою – 176 сантиметр Салмагы – 48 килограмм Параметри – 83-59-88

Билими – Кыргызстан эл аралык университетинин дипломатия факультетинде 2-курста окуйт

– Бегимай, мода дүйнөсүнө алгачкы кадамды качан таштадың эле?

– Мен Ак-Талаада чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. 9-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип, колледждердин бирине тапшыргам. Модель болуу кичинемден берки кыялым болчу. 14 жашымда Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин сулуулар сынагына катышып, агенттиктердин көзүнө түштүм. Орусиянын «Kate Models» деген агенттигинен чакыруу түшүп, Краснодарда иштөөгө мүмкүндүк алдым. Ошентип карьерам уланып кетти. Өткөн жылы Германияда өткөн «Дүйнөнүн топ модели-2016» сынагында 50 кыздын арасынан суурулуп чыгып алдыңкы жетиликке кирдим. Жолдомо алып, Шри-Ланкада өткөн «Мисс интерконтиненталь» сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Андан соң Германиянын медициналык аппараттарды чыгаруучу компаниясы менен 2 жылдык келишим түзүп, ал компаниянын жүзү болдум. Алар 3 сааттык фотосессияга 2 миң евро төлөп беришти. Көптөгөн агенттиктердин директорлору, моделдер менен таанышкандан кийин жолум ачылып, азыр Сингапур, Гонконг, Филиппин, Таиландда келишим түзүп иштеп жатам. Келишимдин негизинде ар бир мамлекетте 2 айдан иштейм.

– Социалдык тармактарга купальникчен түшкөн сүрөттөрүңдү жүктөйсүң, сын-пикирлер көп болобу?

– Ата-энем буга башында каршы болушту. Бирок чет мамлекетке көп чыгып, жашоого болгон көз карашым өзгөрүп кетсе керек. Адамды жүзүнөн эмес, кылган мамилеси, жүрүм-туруму аркылуу сындаш керек. Социалдык баракчамдагы сүрөттөрүм – бул менин моделдик жашоодогу образым, жашоодо башкачамын. Мындай сүрөттөр окурмандарымдын 10 пайызына жакпаса, калганына жагат. Жашоодо 2 тандооң бар. Сени бирөө сындайт же сен бирөөнү сындайсың. Мен сындалган жакшы деп ойлойм.

-Бул чөйрөдө атаандаштык күчтүүбү?

– Башында аябай кыйналгам, коркутуулар да болгон. Азыр кыздар артымдан сүйлөшкөнү менен, бетиме эч нерсе айта алышпайт. Мен алдыда болгонум үчүн сөз кылышат деп ойлойм. Модель кыздар аябай айлакер болушат. Сени бирөөгө жаман көрсөтүүнү каалашат. Кийимдериңди уурдап кеткендер да болот. Бирок Бишкекте аты чыгып калган моделдердин көбү менен досмун.

– Моделдикти азгырыктуу чөйрө деп айтышат. Сулуу кыздарга көз арткандар да көп болот эмеспи?..

– Чындыгында, Кыргызстанда андайды көрө элекмин. Чет өлкөдө көпчүлүк кыздардын «демөөрчүлөрү» бар. Мен андайды туура эмес кабыл алам. Белек-бечкек жөнөтүп, журналисттер аркылуу таанышкысы келгендер көп.

– Ата-энең тууралуу айта кетсең…

– Атам сүрөтчү, музыкага да жакын, бир нече аспапта кол ойното алат. Апам кол өнөрчүлүк менен алектенет. Алар ар бир ийгилигиме кубанып, колдоп турушат. Чоң атамдын көзү өтүп кеткен, чоң апам болсо жылуу сөзүн аябайт.

– Сыр болбосо, канча табасың?

– Биз да кадимкидей айлык алып иштейбиз. Андан тышкары ар бир фотосессияга 50 миң сом төлөнөт. Чет өлкөдө көргөзмөдө подиумга бир чыкканың үчүн 100 доллар аласың. Бишкектеги көргөзмөлөр 1000-1500 сом төлөшкөнү үчүн катышпайм.

– Өзүңө кантип кам көрөсүң?

– Келбетим үчүн ата-энеме ыраазымын. Чачыма, бетимдин терисине кам көрөм. Фотосессияда ар түрдүү боёнгонго туура келет, өзүм көп боёнбойм. Бирок такыр боёнбой жүргөндө жаш көрүнүп калам. Элдин «сүрөттөгүдөн башкача экенсиң» деген сөзүнөн коркуп кээде көп боёнуп алат окшойм.

– Келечектеги кыялың?

– Буюрса, ушул жылы Германияга окууга тапшырайын деген оюм бар. Эң башкы максатым – «Аалам сулуусу» сынагына катышып, Кыргызстандын атын таанытуу. –

Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!

Булак: Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу