Бегимай, Дайыр: «Биз терс билдирүүлөрдөн «кайф» алабыз, жатаарда душмандардын нервине тийип коелучу…»

Акыркы учурда ырчылардын дегеле белгилүүлөрдүн баары эле жаңылыктары, жеке жашоосу менен интернет аркылуу бөлүшүп калды. Алардын катарында ырчы Бегимай Бекбоева да бар.

Бегимай жакынкы аралыкта кесиптеши Дайыр Исмадияров менен ыкташып түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп күйөрмандарына жана жалпы элге: «Жатаарда душмандардын нервин алып, аллергиясын чыгарып коелучу. Биз терс билдирүүлөрдөн «кайф» алабыз. Кана уктаардын алдында жазгыла хейтерлер, бир ырахат алып уктайлы»-деди.

Эмнегедир бул ырчы кыз өзү кимдир бирөөлөргө тийишкиси келген окшойт, Дайыр экөөнүн ыкташкан сүрөттөрүн чыгарып, уктаардын алдында деп жазып, күйөрмандарына кычыткы суроо таштады. Мындай какшык көпчүлүккө жакпай калды көрүнөт: «Бегимай эл менен элсиң, элди какпай жүр, эл менен агарып-көгөрүп жатасың деп нааразы болушту.

БУЛАК:barometr.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу