Бегимай: “Бир кезде мени күйөөмө тааныштырган аял эми күйөөмдү талашып жатат»

Жогорку окуу жайга тапшырып, өтпөй калдым. Айылга баргандан намыс кылып окубасам да шаарда эле болом дедим да, жумуш издей баштадым. Бактыма дүкөндөн жакшы жумуш чыгып иштеп калдым. Мага Гүлзат деген эже абдан жардам берди. Ал — менин кесиптешим, менден жети жашка улуу. Аны биринчи эле күнү, алгачкы эле мамилесинде жакын кабыл алып, жакшы да көрүп калдым. Жумуштагы ыкмаларды, сырларды үйрөтүп, эмне жесе мага тең бөлүп жардамын аяган жок. Ал окууну бүткөнүнө эки жыл болсо да окуу жайдын жатаканасында жашап келген экен, эми батирге чыгайын деп жатыптыр. Экөөбүз кеңешип батир таап, бирге жашап калдык. Ал укмуш сулуу болбосо да өзүн жакшы карап, жарашыктуу кийимдерди кийип, жасанып алып жигиттердин көзүн күйгүзүп турчу. Айылдан жаңы келген мен аны үлгү тутуп “Гүлзат эже деле айылдан келген да. Убакыттын өтүшү менен мен деле ушундай шаардык болуп калат экенмин” деп кыялдана берчүмүн. Чынында ага арзып, артынан ээрчиген жигиттер көп болчу. Бирок эже ал жигиттердин көбүн тоготпой жүрчү. Мүнөзү ачык болгон үчүн, анын үстүнө мени сырдаш туткангабы, айланчыктаган жигиттери тууралуу мага көп айтып берчү.

– Уу­ф­ф, ушу мага жабышты да калды, — чырылдаган телефонун карап мурдун чүйрүдү. Биз печенье менен чай ичип атканбыз.

– Бул кимиси? Же жаңы пайда болдубу?

– Нуржигит деген неме. Башкаларды го түшүнөм, үйү, машинеси, акчасы бар немелер. Жок эле дегенде менден улуу, турмушка тажрыйбалуу карышкырлар. Бул болсо мага бөбөк эле болуп калат экен. Тө­өрт жаш кичүү. Анан студент, – Гүлзат эже каткырып калды. Мен ага таң калып, бирок анымды билдирип албайын деп шаардыктарча жылмайып койдум.

Телефон улам тынып, кайра чырылдай берди. Эже бир далайда гана ыңгырана телефонун алып чалган жигитти же жактырып атканы, же жактырбай атканы белгисиз баш аламан сүйлөшүп кирди.

 

                                                                                 ***

Өзүм иштеп, акча кармап жүрүүгө көнүп алгангабы, кийинки жылы окууга тапшырууга аракет кылбай койдум. Бирок ар кандай курстарда окуп өзүмө жагымдуу жашоо образын түзүп алдым. Гүлзат эже болсо баягысындай эле кезеги келгенде жумушка чыгып, эс алуу күндөрү жигиттер менен эрмектешип жүрөт. Ушундай жашоо менен дагы бир жылды артка калтырып, эки жылда экөөбүз абдан эле ынак болуп калдык.

– Бегимай, бир нерсе айтайын, макул болчу. Жардам кылбасаң болбойт.

– Колумдан келсе эле.

– Келет. Мен бир жигит таптым. Буюрса, ушуга тиет окшойм. Ошондуктан башка самсаалактардын баарын жок кылыш керек болуп жатат. Жездең кызганчаак экен, – сыймыктанып койду.

– Ошондо…

– Ошондо сен бир самсаалакты жок кыласың. Эгер сен аны менен жакшы табышып кетсең менин эле эмес, анда сенин да бактың ачылып калышы мүмкүн.

– Ой, айтыңызчы, ал ким? Мен эмне кылайын? – чыдамым кетти.

– Нуржигит менен таанышып, аны сүйдүрүп ал. Сага берилип, мени унутуп калышы керек. Ал жеткен уйгак экен. “Бөбөгүм” деп шылдыңдасам, “ушинтип эркелеткениң жагат” дейт, макоо

– Анан мени макоо менен сүйүш деп атасызбы ээ? – чындап таарындым.

– Жок, сен туура түшүн. Ал мен үчүн гана макоо. А сага сонун жигит болуп берет. Менден кичүү дебедим беле, а сенден үч жашка улуу болот. Мага акчалуулар, сага билимдүүлөр жагат да. Мен шаңдуу жашоону жакшы көрөм, сен болсо тынч жашоону. Кыскасы, ал — сенин табитиңдеги адам. Таанышып көрчү, калганын көрөбүз да.

***

Гүлзат эженин уюштуруусу менен Нуржигит экөөбүз жагымдуу бир кечте жолуктук. Нуржигит баары ашыгы Гүлзат эженин уюштуруусу менен болуп жатканын, мен ал тууралуу азыраак да болсо билеримди кайдан билсин, же эркектер ушундай кыз көрсө эле жагалдана беришеби, билбейм, өмүрүндө кыз аттуу менен биринчи жолу кезигип жаткандай таасир калтырууга аракет кылып жатты. Гүлзат эжеге ашык болуп жүргөнүн билген үчүн анын мага кылган сылык мамилеси чын же жасалма экенин айырмалай албай кыжалат болдум. А болбосо чыкыя кийингени, ар нерседен кабардар экени, орундуу сүйлөгөнү жакты. Кыскасы, Нуржигит чын эле менин табитимдеги жигит экен.

Көп өтпөй Гүлзат эже баягы айткан жигитине турмушка чыгып кетти. Укмуштай бай жерге барды. Үйлөнүү тойдон дагы андан кийин өтүүчү бал айы тууралуу айтып түгөтө албай жүрдү эле. Баш кошушкан соң дароо чет мамлекетке кетишти. Мен жалгыз жашай баштадым. Гүлзат эже жок кулак­мурун кескендей тынч жашоодон тажап жүргөн бир күнү Нуржигит жолугушууга чакырды. Зеригип отурган жаным “жок” деген жокмун. Ал жолугушууда болгон сырын ачып: “Жактырган кызым мени чанып кетти. Эмнеге байлыкка, жашка карап сезимдерди тебелейбиз?” — деп айтып отурду. Мен анын Гүлзат эже тууралуу айтып атканын билсем да билмексен болуп угуп койдум. А санаам чын эле анын эсинен Гүлзат деген ысымды унуттуруп, өзүмдү сүйдүрүп алуу болуп калды

Адамдарга анын кайгысын унчукпай отуруп уккан адам жагат эмеспи, мен Нуржигитке ушул жагынан жагып калдым окшойт. Ар шылтоо менен жолугушууга чакырып бир арманын кайталап айтып жүрдү. Анан бара­бара анысы азайып, бир күнү мени жактырып калганын билдирди. Менин күткөнүм ушул эле, азыраак кыз кылыгы кылып, анан мен да сезимдеримди ачыкка чыгардым. Бул арада Гүлзат эже алыстагы саякатынан келген. Бирок баягысындай “сиңдим” деп мага кайрылып койгон жок. Агенттен (ал кезде агент болчу) жазган каттарыма да жооп жазбай калды. “Акча, байлык адамды өзгөртөт” деген ушул окшобойбу.

Нуржигит экөөбүз бир жылдан кийин баш коштук. Биз чыныгы сезимдер менен сүйүштүк деп ойлойм. Нуржигиттин Гүлзат эжеге болгон ашыктыгы жаштыктагы жаңылыштыгы беле, же эркек катары акылы толо элек кезде берилгенби, билбейм, ал чын сезими менен мени сүйдү деп айта алам. Анын мага кылган ар бир мамилеси, ар бир кеби мени ушул ойго ишендирчү. Бактылуу жашоодо үч балалуу болдук. Учурда кенжебизди бала бакчага ташып жүргөн кезибиз. Үч балалуу болгончо кыбырап жүрүп үйгө да, машинеге да жеттик. Айтор, баарына ыраазы элем.

***

Нуржигит бир күнү жумушунан кызыктай абалда келди. Көздөрү ойноктоп, алда немени менден жашырып жатканын байкап жаттым. Качан эс алууга жаздыкка баш койгонубузда абайлап кеп баштады.

– Бегимай, бир кезде Гүлзат деген кызга ашык болгонумду сага айтпадым беле, – “Гүлзат” деген сөздү укканда денем ток тарткандай чымырап кетти, — бүгүн ошого жолугуп калдым.

– Анан? – Сага салам айтты?

– Саламат болсун.

– Сен аны жакшы билет турбайсыңбы?

– таарынгандай унчукту.

– Сенин айтууң боюнча жакшы билем. Сен аны аябай жакшы айтып бербедиң беле, – ачуум келип, дагы эмне дейт деп чыдамым да кетип калды.

– Бизди Гүлзат тааныштырган турбайбы?.. — Нуржигит андан ары Гүлзат эже экөөбүздүн кандай ынак болгонубузду өзүмө бир сыйра айтып берди.

– Жай эле жолугуп калып, анан ушунун баарын айтканга жетиштиби ээ?

– Ооба, байкуш, турмушу бузулуп кыйналып жүрүптүр.

Мен андан ары: “Гүлзат деген теманы экинчи козгобо, — деп катуу эскерттим, Нуржигитке. Ачууга алдырып туура эмес кылган экенмин. Нуржигит мага ал тууралуу кеп козгобогону менен аны менен тымызын ынак болуп баратыптыр. Нуржигиттин Гүлзат деп сакталган номерге “жакшы жетип алдыңбы?” деп жиберген катын окугандан баштап чок баскан тооктой тынчым кетип калды. Алардын төшөктө бирге болгонун чындыгында билбейм, бирок көңүлдөрү табышып, жылуу маектеш болуп калгандарын билем. Кантип жети жылдай коюндашып жашап келе жаткан күйөөмдү, балдарымдын атасын кызганбай коёюн.

Бир күнү Нуржигиттен номерин байкатпай алып Гүлзат эжеге чалдым. Оюмда аны уяткарып коёюн дегем. Бирок ал мени ушунчалык күйгүздү. Ал­абал сурашкан соң оозу­ мурду кыйшайбай туруп: “Нуржигитти эмне мынча жүдөткөнсүң? Байкуштун кебетесин көрүп боорум ооруду. Сага кор кылбай өзүм эле тийип алсам болмок экен. Анын сүйүүсүн чанып кетип бакыт деле тапкан жокмун”, — дебедиби. Өзүнүн үй­бүлөлүү эркекти азгырып, керек болсо бир кездеги жакын адамынын күйөөсүн бузуп атканын ойлоп да коёр түрү жок. Өзүнө жараша мен да бир тийдим: 

– Биздин бүлөдөн алыс болуңуз. Нуржигит жүдөбөй­этпей эле турат. Сизди алганда анык жүдөмөк.

– Мен сенин бүлөңө тийишпейм, а сен менин сүйүүмө тийишпе. Алаканына салып алам деп турган жигитти чанып бекер кылыптырмын. Бирок анын мага деген сезимдери дагы деле өчпөптүр. Экинчи ирет жаңылгым келбейт.

– Сиз эмне, массызбы, Гүлзат эже?

– Эже? Ха­ха­ха, – кой, алтыным, мен сага эчак эле эже болбой калгам

Телефонду өчүрүп, нес болуп калдым. Адам деген ушунча да өзгөрөбү. Же чын эле мас болуп алып сүйлөдүбү, акылым жеткен жок. Гүлзат өз уяты менен тыйылып калбасына көзүм жеткен соң Нуржигитке: “Бала­чакалуу болуп калганда жаңылып жаза баспа, эс­ акылың менен бол”, — деп жакшы эле айттым. “Жинди болбочу”, — деп бурк этип койду. Эркек деген тыйган сайын күчөйт эмеспи, ошондуктан кайталап унчукпадым. Бирок ал баягысындай болбой бир нерсеге алагды болуп жүрөт. Аны алагды кылган Гүлзат экенин билип эле турам. Сураштырсам, ал бай күйөөнүн түркүн кордугун көрүп, акыры араң дегенде ажырашып тыныптыр. Бир карасаң аяйсың. Бирок өз тагдырына болгон өчүн биздин бүлөнү бузуп, мени ыйлатып алабы деп санааркайм. Эркек деген аялга азгырылбай койбойт да…

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу