Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Мен ал учурда Жаныш жана Максим Бакиевдер менен эмес, Атамбаев менен чогуу казы-карта жеп олтургам”

 

-Бегалы мырза, сизди президент өз сөзүнө кыпчып, «сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким?» деди. Деги силер кимсиңер? -Биз акыркы жылдары сөз эркиндиги чектелип бараткан Кыргызстан өлкөсүнүн жарандарыбыз. Акыркы 20 жылда кыргыз өлкөсүндө калыптанган сөз эркиндигин бүгүнкү бийлик акыркы 5 жылда чектөөгө аракет кылып, Кокон хандыгын курганы жатышат. Ошого каршы белгилүү журналисттер Замира Сыдыкова, Нарын Айып, оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов жана башка инсандар менен бирдикте Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзгөнбүз. Ал эми Атамбаевдин бизге асылып жатышынын себеби мындай. Ал февраль айынын аягында Европага иш сапары менен барып, гранттарды сурап, Кыргызстанда гүлдөгөн демократияны куруп салдым деп мактанып келген. Андан 10-15 күн өтпөй КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган өкмөттүк делегация Европага иш сапары менен барып, ал да Кыргызстан гүлдөп жатат, сөз эркиндиги чексиз деп европалыктарды алдап келди. Ал эми алардын артынан Европага иш сапары менен барган кыргыз оппозициясы, журналисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү фактылар менен алардын калпын чыгарып салды. Мына ушуга чычалаган бийлик биздин жеке керт башыбызга асылып жатат. Европаламенттин депутаттары бизге дароо эле айтышты “Биз силердин жетекчилер айткан мактанычтарга ишене бергидей өтө эле ишенчээк эмеспиз, ошондуктан оппозицияны да угуп көрөлү деп силер менен жолугушуп жатабыз” деп. Ал эми Кыргызстанды бүт дүйнөгө биз эмес Атамбаев өзү мазактап жатат. Эмесе ушул кечээ айткан сөздөрү чет элдик элчилерге айтчу сөзбү? Элчилердин ишеним каттарын алып жатып, өзүнүн жарандарын кемсинткен сөз сүйлөйбү? Россиянын эле ММКлары Атамбаевди мазактап “Кыргызстандын президенти Афганистан менен Эфиопиянын элчилерине журналисттердин үстүнөн арызданды” деп жазып жатышпайбы. Ал иш чарага катышкан чет элдик элчилер менен журналисттер эмне деп кетишти? Ошондо Кыргызстанды дүйнөгө ким мазактап жатат? Биз Европада кыргыз элининин айкөлдүгүн, Кыргызстандын келечектүү мамлекет экендигин айтып, ал эми бир ууч кландык бийликтин калпын чыгардык.

-«Жумшак креслого отуруп, казы-карта чайнап, Максим менен Жанышты мактап отурушпады беле?”- деди . Жаныш менен Максимди мактап, чогуу казы карта чайнаганыңыз ыраспы?

-Жаныш менен бирге казы-карта жемек тургай өмүрүмдө бир столго олтурган эмесмин. Мен билгенден Атамбаев Жаныш менен деле, Максим менен деле резиденцияда биргелешип чай ичип, казы-карта жеп жүрүшкөн. Эсиңердеби, 2007-жылы апрелде Курманбек Бакиевге каршы чыккан митингичилерди кууп таратуу учурунда ошол кездеги Бакиевдин премьер-министри Атамбаев резиденцияда Жаныш Бакиев, Молдомуса Коңгайтиев, Элмурза Сатыбалдиевдер менен чогуу казы-карта жеп, “чай- пайынан” сеп этип олтуруп, анан генералдардын суранычы боюнча түз эле “Ала-Тоо” аянтына келип, Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан кыргыздарды “Барандар! Бир Текенин артынан ээрчип кете берген койлор!” деп кемсинткен. Ал видеотасма азыр деле Ютуб жана башка каналдарда жүрөт. Ал эми Атамбаев бизди айыптап жаткан учурда тескерисинче мен Алмаз Атамбаевдин үйүндө казы-карта жеп олтургам. Айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле дегнендей, өзүнүн асылганына жооп кылып айтышка туура келип калды, 2009-жылы жайында ыраматылык Мелис Эшимканов: “Алмаз Шаршенович, телефон чалып, “Бегалы досуң экөөң келип сый-тамак ичип кеткиле” деп чакырып жатат” деп калганынан бардык. Ал киши Арашан айылындагы менчиктештирип алган совхоздун багына боз үй тигип, казы-картаны мол кылып дастаркон жайып тосуп алды. Дем алыш күн болчу, бир күн кечке Мелис экөөбүз мейман болдук. Ал сый тамактын күбөлөрү да бар. Анан ошол жерде Атамбаев “Бегалы, сен Жогорку Кеңешке “Ак жолдон” эмес СДПКдан депутат болуп барсаң болмок экен. Бизге сага окшогон активдүү депутаттар жетишпей жатат…” деп бир топ сүйлөгөнү эсимде. Бүгүнкү СДПКнын деңгээлин көрүп, ошондо бир кудай сактап парламентке СДПКдан эмес “Ак жолдон” барып калганыма сүйүнөм. Ал эми журналисттердин “Максим президент болуп калышы мүмкүнбү?”  деген суроосуна “Эл шайласа президент болуп калышы мүмкүн” деген жообумду бурмалашып, “Максимди президент кылам” деген сыяктуу ушактар менен асылып келатышат.

Т.Токтоболотов Булак: “Жаңы ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу