Бегалы Наргозуев: «Бабанов жок жерден жалаа жаптырган Атамбаев менен «эркекче эсептешкени» келет деп ойлойм»

Бегалы Наргозуев, “Атамбаевдик узурпацыяга Каршылык көрсөтүү кыймылынын” теңтөрагасы

— Өмүрбек Бабановдун кайтып келиши бир гана Атамбаевге түйшүк жаратат. Анткени, Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо учурунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Апматыда жолуга койгондугу үчүн аны ал кездеги Атамбаев куугунтукка алгандыгын элдин баары билет. Бабановго каршы кылмыш иштерин козготкон да Атамбаев. Ошол эле учурда Жээнбеков Атамбаевден айырмаланып, “бул ишти кыскартып койгула” деп айтып көнгөн эмес. Бабанов өзү келсе эле бул иш жабылганы турат. Анткени, УКМК айыпталуучуну сурабай туруп ишти кантип жаап салат? Молдомуса Конгантиевдин ишин УКМК жаап салып, канча чуу чыкты. Азыр Бабановдун ишин УКМК жаап салса дагы ызы-чуу чыгарчулар жайнап жүрөт. Мына, сотко кайрылып, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков абактан чыгышты го. Алар абактан чыкканга чейин президент Жээнбековго нааразы болуп жатышкан, чыккандан кийин соттун ишине аралашпаганы үчүн ыраазычылыктарын ММКлар аркылуу ачык билдиришти. Атасынын көзү өткөндө Атамбаевдин зулумдугунан топурак сала албай калган Садыр Жапаров, апасына топурак салганга мүмкүнчүлүк ала алды. Текебаев 60 жылдык юбилейин белгилөө үчүн абактан ооруканага которулду. Мунун баары мыйзам жол берген кадамдар. Ал эми абактагылардын тарапкерлери талап кылгандай алардын кумирин токтоосуз бошотуп берүү албетте мыйзамсыз кадам болот. Ошондуктан мен ойлойм, эгер Бабанов келсе эле баары мыйзам жүзүндө чечилет жана азыр анын мойнуна илинип турган, Атамбаевдин жалаа жапкычтары козгогон кылмыш иштери кыскартылат. Анткени ал кылмыш иштери эч негизсиз, бир эле адамдын — Атамбаевдин буйругу менен ачылган. Мен кечээ тил боюнча бул ишке эксперт болгон Үмүт Култаеванын видео билдирүүсүн көрүп, уктум. Ал айым адис катары кыргыз тилинин эрежелерине таянып, Бабановдун сөзүндө эч кандай мыйзамсыз чакырыктар жок экенин далилдеп берген. Ошондуктан Бабановду чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбурлаган кылмыш иштер боюнча доомат Атамбаевге гана болушу мумкун. Экинчиден, Бабанов менен Жээнбековдун КТРКдагы дебатында айтылган “Балапан,коррупцияга каршы күрөштү мен сенден баштайм” дегени ал жооп иретинде эмоция менен айтылган сөз. Эсиңерде болсо дебатта жакшына эле сүйлөшүп жатышып,анан Бабанов Жээнбековго коррупция боюнча кыйытма сөз ыргытып,ошол жоопту алган. Бул шайлоо риторикасы деген болот. Шайлоо кампаниясы учурунда оппоненттер бири-бирине карата айтылган тескери сөздөрдүн көбү шайлоо риторикасы катары ошол жерде эле калат. Үчүнчүдөн, Өмүрбек Бабанов өзү “депутаттык мандатымды тапшырдым, саясаттан кеттим” деп жарыя кылган. Ошондуктан ал Кыргызстанга келсе жакын арада президент Жээнбековго каршы саясатка аралашпайт деп ойлойм. Өзү айткандай чоң бизнес  долбоорлор менен алектенсе керек. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого өзү барбаса да партиясы барат. Ал Атамбаевге ушунчалык жүзүкаралыктан кийин кошулбайт,алтургай анын партиялаштары Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев, Аптынай Өмүрбекова, Кенжебек Бокоев жана башкалар да Атамбаевге кошулушпайт. Алар өз тандоолорун жасашты деп ойлойм. Бабановдун насаатчы агаларынын бири генерал Өмүрбек Суваналиев да бузуку Атамбаевди элдин душманы деп атап, Сооронбай Жээнбековду колдоп, өз тандоосун жасады. Ал азыр КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп,Жээнбековдун командасында иштөөдө. Анын үстүнө Алмаз Атамбаев “Таласгыктар эл эмес!” деп бүтүндөй бир өрөөндүн элин кемсинтип жатса кайсы намысы бар Таластык Атамбаевге кошулмак эле? Ошондуктан Бабановдун келиши бул жагынан да Атамбаевге түйшүк жаратат. Анткени Атамбаев Бабановдун тарапкерлерин өзүнө тартууга кызыгууда. Ал эми Бабановдун тарапкерлери Атамбаевдин чыныгы жүзүн билишет. Бабанов азыр Кыргызстанга бийлик талашканы келбейт, ал азыр Кыргызстанга өзүнүн актыгын далилдегени келет. Ошондуктан ал азыргачы жок жердей жалаа жаптырган Атамбаев менен “эркекче эсептешкени” келет деп ойлойм. Анын үстүнө 2017-жьлда президенттик шайлоонун жыйынтыктарын Өмүрбек Бабанов өзү да тааныган, аны талашпай турганын шайлоо бүткөн күнү элге ачык жарыялаган. Эл аралык уюмдар. анын ичинде ОБСЕ да президенттик шайлоонун жыйынтыктарын таанып, Кыргызстанда биринчи жолу конкуренттүү шайлоо болду деп жарыялаган.

БУЛАК: Жаңы ордо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу