ББ крем деген эмне? Аны кандай колдонуу керек?

ББ крем «Blemish Balm Cream» (бальзам от недостатков) беттеги ашыкча жерлерге колдонуучу бальзам каражаты. Аны Бибик деп да коюшат. ББ крем Европага Германиядан тараган деген имиштер бар. Негизинен ал крем алгачкылардан болуп Орто Азия базарларында пайда болгон. Мурунку учурда доктурлар аны операциядан соң, эттин бат айыгуусу үчүн колдонгон. Бул бальзам каражатынын түзүмүндө түрдүү табигый заттар бар. Себеби, азиат улутундагылар сырткы келбетине жана ден-соолугуна илгертен эле жакшылап кам көрүп келген. ББ крем башка жөнөкөй тоналка каражаттарына караганда абдан уникалдуу келет. Анткени ал бир эле учурда күн нурунан сактап, бетти жылмакай кылууга жардам берет.

Жогоруда айтып өткөндөй илгери ББ кремдерди Японияда, Кытайда медицинада колдонуп келишкен. Акыркы учурларда анын курамы бир аз өзгөртүлүп тоналка каражаты катары колдонулуп келет.

Кандай ББ кремдер болот. Эмнелерге көңүл буруш керек?

ББ кремдин төрт түрүн кездештирүүгө болот. Алардын түзүмүндө асыл берметтердин, өсүмдүктөрдүн түрлөрү болот.

Эң жакшысы сиздин жүзүңүздүн өңүнө туура келген түстү тандаганыңыз оң. Беттин терисине жагыш үчүн түрдүү компания чыгарган ББ кремдерди колдонуп, эксперимент жасап көрүңүз. Алар жаш өзгөчөлүгүнө карата да бөлүнөт. Күнүмдүк колдонууда курамында табигый заттар бар ББ кремин тандаганыңыз оң. Аны бетиңизден жууп кетирүүдө гидрофилдүү майды колдонгонуңуз эң жакшы. Ошондой эле бетиңиздин майлуу, кургактыгына карата тандап алсаңыз болот.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу