Баяна Кулова, журналист: Лунара Мамытова өлкөлөргө бейиши болгур Мелис Эшимкановду ээрчип барып келгениңди жазып койсоң болмок!

Иий өпкөңдөн кагылайын сенин. Ал өлкөлөргө бейиши болгур Мелис Эшимкановду ээрчип барып келгениңди жазып койсоң болмок (( Андан аркысын жазсам азыр муунуп каласың байкушум. Менсиз деле билишет дечи элдер….

Пенсия төлөмдөрү менен чет өлкөгө эс алганга акча чогултканга болот деп дөөрүп атканыңды билдиң бекен деги? Пенсиянын көлөмүн сен баарыбыздан жакшы билишиң керек эле го? Деги ушул постту кантип жаздың түшүнгөн жокмун, уялсаң болмок!! 30 жыл мугалим болуп иштеп 3000 сом пенсияга чыккандар кантип чогултат анча акчаны? Пенсияга акча чогултса болот бирок сендей чиновник сөрөйлөрдүн чет өлкөгө сайрандаганынан артпай аткан турбайбы ошондо!!

Өзүңдүн бетиңди өзүң сыйрып жашооң сонун болуп атат убактылуу, бирок ишенип кой, ошол сонун жашооң карылардын каргышы, көз жашы менен эртең сөзсүз тозокко айланат.

Дооруңда сайрандап ал, андан башка социалдык маселени чечүү сендейлердин колунан эзели келбейт, келген дагы эмес!

Баяна Кулованын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу