Баш тартуу керек болгон 7 тамак…

Диетологдор баш тартуу керек болгон 7 тамакты аташты. Алар кайсылар десеңиздер?

Таттуулар

Канттын эч кандай пайдалуулугу жок. Ошондуктан ден-соолукка эч пайдасы жок тамакты жегендин да кереги жок. Ошол себептен курамында кант көп торттор, печенье, конфеттерден баш тартыңыз.

Диеталык тамактар

Бардык диеталык тамактарда майдын өлчөмү азайтылып, ордуна химиялык ароматизатор кошулат. Бул ичеги-карынга зыян.

Эт азыктары

Аларга ышталган эттер, хот-дог, чучуктар кирет. Алардын курамында консерванттар, жасалма боёктор, транс-майлар көп. Мындай ингредиенттер ден-соолукка зыян. Себеби алар кандагы холестериндин деңгээлин көбөйтүшү мүмкүн.

Газдалган суулар

Газдалган суусундуктар курамында кант көп. Ошондой эле, жасалма ингредиенттер менен кофеин бар.

Кетчуп

Кетчуптун курамында консерванттар менен кант көп. Анын ордуна гарнир катары помидор колдонгон жакшы.

Транс-майлар бар азыктар

Транс-майлары көп азыктар организмде сиңбейт. Алар пластик сыяктуу. Ошол себептен организмге терс таасир тийгизет.

Маргарин

Маргарин ден-соолукка зыян. Анын ордуна кокос жана зайтун майын колдонгон оң.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу