Баш прокурор Индира Жолдубаева сыпайы эле бойдон…

Негизи экинчи ирет төңкөрүш болгон соң баш прокурорлук кызматты аял кишиге ыйгаруу модага айланып кетти. Бирок, Аида Салянова артын батырып алгандан кийин ал тургай фракция лидерлерин, министрлерди омуроолоп ордуна былк эттирбей отургузуп коюга жараган. Аны президент, Текебаевдер колдоп ого бетер албуут кылып жиберишкен. Сурданып эле каяша айткандарды чокуга уруп турган бул айымдын кудуретине алдырган саясатчылар келечекте президент ушул айым болсо туура болот экен деп күңкүлдөшкөн. Бирок, анын дымагын ачкөз күйөөсү муздак суу сээп өчүрүп салды. Көрсө крутой болуп жашагысы келген Бакыт эргул кыйла шектүү иштерди жасап жибериптир. Ошол үчүн А. Атамбаев баш прокурорлуктан акырын узатып койуп абдан туура кылыптыр.

Ал эми азыркы баш прокурор Индира Жолдубаева анчалык популистикке барган жок. Ишин сыпайы гана аткарып, жигин билдирбөөгө аракетин чегергени байкалып турат. Анын үстүнө анын кызматынан пайдаланайын деген жан-жөкөрлөрү деле көрүнбөйт. Пара менен шугулданган К. Арпачиевдей курсташтары деле болбоду. Эгерде дүнүйө чогултууга ыктаган болсо эпчилдер тегеректеп жүрмөк. Эми мындан ары баш прокурордун тагдыры кандай болорун азыркы ажо чечет. Ылайык көрсө Индира айым ишин уланта берет. Акыйкаттык иретинде айтсак аны алмаштыруунун кажети деле жоктой.

Булак: Ачык сөз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу