Баш көтөрө башташты: Курултайдын максаты эмнеде?

24-ноябрда Бишкекте Курултай өткөрүү аракети жүрүп жатканы белгилүү болду. Жарандык активист Айбек Мырза кабарлагандай, Саясий-коомдук күчтөрдүн Курултайы  бийликтин жетишкендиги менен кемчилигине сын көз салат. “Жаңы бийликтин келгенине 1 жыл болду. Бул убакта өлкө маанилүү саясий окуяларды башынан кечирди. Эски бийликтин саясаты жаңы бийликтин саясаты менен алмашты. Жаңы бийликтин ийгиликтерине дагы, кемчиликтерине дагы баарыбыз чогуу күбө болуудабыз.Өлкөдө жеткиликтүү деңгээлде сөз, чогулуш эркиндиктери пайда болду, бирок, ошону менен бирге эле, өлкө экономикалык кыйынчылыкка, саясий карама-каршылыктарга багыт алгандай. Мына ушул маселелерди бардык коомдук саясий күчтөр менен чогуу талкуулап, өлкөнүн өнүгүү келечек багытын аныктоо максатында,  24-ноябрь күнү, Бишкек шаарында, “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталышта коомдук-саясий күчтөрдүн Курултайын өткөрүү чечимин кабыл алдык”,- деп билдирди уюштуруу тобу.

Курултайдын ана-башында Туруктуу элдик кеңеш (ТЭК), же Кыргызстандагы эки революциянын бульдозеру Азимбек Бекназаров турат. Аз күн мурда ал Атамбаевди харизмасы күчтүү саясатчы катары сыппатаган: “Ал саясаттагы күрөшкө каныгып калган саясатчы. Тажрыйбасы мол. Күн сайын Жээнбековдун бийлигинен көңүлү калгандардын саны арбыйт. Кызмат ала албагандар “реформа жасай албады” деп айтып чыгышат”. Азикенин мурду жытты жакшы билет, ал баштаганда бир балээ чыкчу эле. Бул ирет эмненин башынан чыгат, көрө жатарбыз….

Булак: “Майдан. kg” 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу