Башпрокурор Жолдубаева Ысык-Көл облустук прокуратурасынан суроо-талап алабы?

Эзели тынчыбаган Балыкчы шаарынан редакциябызга кайрадан куш тилиндей кабар түштү. Теңирине үңүлсөк, Балыкчы шаардык мээриясынын маданият бөлүмүнүн үстүнөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына каржылык мыйзам бузуулар боюнча арыз түшкөнү, ага ылайык шаардык мээриянын мадания бөлүмүн текшерүү иштери  жүргүзүлгөнү каңкууланды. Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын Ысык- Көл, Балыкчы,Тоң райондору боюнча өкүлчүлүгү аталган шаардык мээриянын маданият кызматы тарабынан 400 миң сомдон ашуун тартип бузууларды чубап чыгышып, дал ушундай мыйзамсыздык боюнча кыңыр ишти Ысык- Көл облустук прокуратурасына беришсе, облустун мыйзам көзөмөлдөө органы мындай ыраатсыздыкка көз жумду  мамиле кылышкандары чынбы? Ысык- Көл облусунун прокурору Майрамбек Таалайбеков бул боюнча эмне дейт? Облпрокурордун жаңыдан кызматка келээри менен тескери иштерден аты чыкса, өзүнө эле жаман да, туурабы? Жэ сөзсүз эле мындай иштер менен башпрокурор Индира Жолдубаеваны гезит аркылуу кабардар кылыш керекпи? Жэ жеринде чечилчү ишти жогорку жакка сүйрөйбүзбү?

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу