Башкы прокурор Текебаев боюнча депутаттарга эмне деп айтты?

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда депутат Бакыт Төрөбаев депутаттар тобунун жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча кайрылуусунун тагдырына кызыкты.

Башкы прокурор кайрылуу келип түшкөнүн, анда келтирилген жүйөлөр мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кылдат текшерилип чыгып, депутаттарга жазуу жүзүндө жооп бериле турганын билдирди.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу