Башкы прокурор Жолдубаева дагы суралабы?

Ленин райондук сотунда 23-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын
соту өттү. Соттун жүрүшүндө Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова:”Елисеев
лицензиянын негизинде Латвияда фирма ачып иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралды деп
материалдарда жазылып турат. Иш козголгондон 2 күндөн кийин Латвияга маалым кат
жиберилген. Бирок Латвиянын тиешелүү органы Башкы прокуратурага бул боюнча
маалымат берүүдөн баш тарткан. Эч кандай далил жок “Елисеев Латвияда ошол
узартылган лицензиянын жардамы менен жашап иштеп жатат” деп иш козголуп жатат.
Ошондуктан башкы прокурор Индира Жолдубаеваны сотто келип көрсөтмө берүүсүн
сурайм”, – деп өтүнүч келтирди. Бирок сот бул өтүнүчтү да канааттандырган жок.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу