Башкы прокуратура Таалайгүл Исакунова, Зууракан Каденова, Лунара Мамытованын сапарлары боюнча жыйынтык чыгарды (тизме)

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин жана анын 2 орун басарынын сапарлары боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 8-октябрда башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, министр Таалайгүл Исакунова кезектеги эмгек өргүүсүндө болуп, дипломатиялык паспортту пайдаланып, премьер-министрге айтпай жана андан уруксат албай АКШга кетип, 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү «Туруктуу ишенимдин инновациялар аркылуу жетишкендиктери» симпозиумда катышкан. Андан соң Исакунова Аргентинага жөнөп, 13-15-ноябрь күндөрү балдардын эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөшүү боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференцияга катышкан.

Мындан тышкары Исакунова Санкт-Петербургга барууга премьер-министрдин каршылыгына карабай, 2017-жылдын 16-18-ноябрь күндөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча кеңештин отурумуна катышкан.

Министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденова дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына пайдаланып, 2017-жылдын 24-27-апрель күндөрү Иранга барган. Мындан тышкары ал кезектеги эмгек өргүүсүндө болуп, 2018-жылдын 2-22-сентябрь аралыгында Түштүк Кореяда окутуу программасында катышкан.

2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин министрликтин жетекчилиги 26 ирет чет өлкөгө кызматтык сапар жасаган. Алардын ичинде:

Министр Таалайгүл Исакунова 9 жолу (Улуу Британия, Кытай, Орусия (2), Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия, Литва);

Министрдин орун басары Лунара Мамытова 3 жолу (АКШ, Германия, Италия);

Министрдин орун басары Жылдыз Полотова 4 жолу (Литва (2), Венгрия, Таиланд);

Министрдин орун басары Зууракан Каденова 10 жолу (Түштүк Корея, Орусия (3), Казакстан (2), Польша, Бельгия, Германия, Италия).

Бирок алар кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду беришкен эмес.

Исакунова менен Мамытова иш сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырышкан эмес. Буга байланыштуу министрликтин дипломатиялык паспортторду тапшырууга жана алууга жооптуу бөлүмдүн башчысына айып пул салынды.

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу