Башкы прокуратура “Сентябрь” теле каналы менен соттошот

Бүгүн, 22-август күнү Биринчи Май райондук сотунда Башкы прокуратура “Сентябрь”
теле каналы менен соттошот. Бул тууралуу аталган каналдын башкы директору
Кайыргүл Урумканова билдирди.
Маалыматка ылайык, “Сентябрь” теле каналына
соттошуу тууралуу эч кандай маалымат берилген
эмес. Бүгүн, 22-август күнү аталаган теле каналдын
жетекчилигине байланышып, Биринчи Май райондук
сотуна келүүлөрүн айтышкан. Эмне себептен
соттошуп жаткандыктарын сураганда, “соттун
жүрүшүндө баарын билип аласыздар” -деп жооп
берген.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу