Башкы прокуратура “Сентябрь” телеканалынын жабылышы боюнча билдирүү таратты

22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын “Сентябрга”
карата доо арызын канааттандырып, теле жана радиопрограммаларына тыюу салуу
жана анын Интернеттеги көрсөтүүлөрүнө чектөө киргизүү тууралуу чечим чыгарган.

Ага 2016-жылдын 29-сентябрында Жалал-Абаддагы
“Сентябрдын” эфиринен айтылган сөз себеп болгон.
Анда Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы
Абдылда Капаровдун айткандары экстремисттик деп
табылгандыгы себеп болгон.

Ушуга байланыштуу Башкы прокуратура “Сентябрь”
телеканалы боюнча маалымат таратып, анын
өкүлдөрү коомчулукка туура эмес кабар таратууда деп
билдирди.

Башкы прокуратуранын айтымында, санарип
форматта Бишкекте иштеп жаткан “Сентябрь” өз
ишмердүүлүгүн мурда Жалал-Абаддан чыгуучу
аналогдук “Сентябрдын” лицензиясынын негизинде жүргүзүп келатат. Маалыматтык технологиялар
жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттен, Юстиция министрлигинен алынган расмий
документтер далил.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу