Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуулар боюнча 125 кылмыш ишин козгоду

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сатып алуулар боюнча 125 кылмыш ишин козгоду.

Мындай маалымат 18-декабрда башкы көзөмөл органынын координациялык жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулардан казынага 43 миллион сомдон ашык каражат кайтарылган.

Кыргызстанда буга чейинки көз карандысыз иликтөөлөр жемкордук мамлекеттик сатып алуулар тармагында көп экенин көрсөткөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу