Башкы прокуратура жаңы кодекстер боюнча түз байланыш уюштурду

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, түз байланыш телефондору бардык бөлүмдөрдө ишке киришти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жаңы кодекстерди колдонууда келип чыккан суроолор менен түшүнбөстүктөрдү ыкчам чечүү үчүн жумушчу топ түзүүнү да тапшырган.

Кыргызстанда 1-январдан тартып Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу, Жоруктар жана Тартип бузуу жөнүндө беш жаңы кодекс күчүнө кирген.

Алардын негизинде эселеп көбөйгөн айыппулдар, айрым кылмыштарга жазанын жеңилдетилгени социалдык тармактарда талкууга алынып, коомчулуктун бир катар өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратууда.

Парламент кодекстер «чийки» деп өкмөттү айыптаган. Эл арасында айрыкча жаңы кодекстердеги укуктук жоболор көп түшүнбөстүкжаратууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу