Башкы прокуратура Бахадыр Сулеймановдун жарандыгын текшере баштады

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы тууралуу маалыматты текшере баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Куватова билдирди:

— Материалдар бизге 25-сентябрда келип түшкөн. Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы териштирип жатат.

26-сентябрда парламентте акыйкатчыны шайлоо жүрүп жатканда Сулейманов «мени чет өлкөнүн жараны деген жалган маалымат таратып жатасыз” деп бул кызматка талапкер болуп жаткан Токон Мамытовду айыптаган. Мамытов өз кезегинде «Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар» деп айткан.

Сулейманов 55 жашта. Ал парламентке “Ата Мекен” партиясы аркылуу шайланып келген. Казакстандын Жамбул облусунда туулган. 2013-жылдан тартып “Кыргызстан дунгандар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасы.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу