Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна гүл бакча пайда болот

Башкы прокуратуранын 2010-жылы өрттөнүп кеткен имаратынын орду гүл бакчага айланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү чечимди мэр Азиз Суракматов кабыл алып, учурда токтом даярдалууда. Буга кошумча гүл бакчаны долбоорлоо иштери да жүрүп жатат.

“Жакын арада жарактан чыккан имаратты бузуу иштери башталат. Анын ордуна шаардын архитектурасына шайкеш келген гүл бакча пайда болот”,-деди Түлөбаев.

Мэриянын аппарат жетекчиси кошумчалагандай, гүл бакча кийинки жылы толугу менен даяр болот.

Бишкектин борборундагы Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган Башкы прокуратуранын мурдагы имараты 2010-жылы Апрел ыңкылабында өрттөнүп, жараксыз абалга келген. Сегиз жылдан бери бош турган имарат унаа токтотуучу жай, бизнес борбор болот деп айтылып келген.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу