Башкы прокуратурага Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын атына арыз
келип түштү. Бул тууралуу “Алиби” газетасынын кабарчысы Үпөл Анаркулова билдирген.
Үпөл Анаркулованын айтымында, эл өкүлү кечирим сураганды
эч ойлонгон да эмес.
“Мен арызды 12майда эле жазганмын, андан бери мен менен
эч ким байланышкан жок. Депутат жайкы эс алууну күтүп, бул
маселени талкуулоодон качып жатат. Мага андан эч нерсе
керек эмес, болгону кечирим сурасын” дейт Үпөл Анаркулова.
Эскерте кетсек, Жылдыз Мусабекованын маселесин караганга
Жогорку Кеңештеги КСДК фракциясынын жыйынына катышпай
жатат.
Булак:fakt.kg