«Башка аялдын көңүлүн таап, өз аялымдын көңүлүн калтырып, арманда калдым»

Эмнегедир, эч нерсе айта албасымды түшүндүм. Бирок айтышым керек эле. Ажырашкым келди. Тынч отуруп эле бул теманы көтөрдүм. Байкасам, такыр эле жинденген жок. Болгон сураганы, жумшак үн менен: “Эмнеге?”

Жооп бербедим. Бул аны кыжырлантты. Күтүүсүздөн, мени эркек эмессиң деп кыйкырып алды. Бул кеч сүлөшкөн жокпуз. Ыйлап жатты. Биздин никеге эмне болгонун түшүнгүсү келип жатканын билип эле турдум. Бирок моюнга алуу кыйын болду, менин жүрөгүм башка деп согуп калган – Айгүл. Аялымды сүйбөй калгам. Болгону аны аяп гана тургам.

Терең күнөө сезими менен ажырашуунун документтерин толтурдум, анда айтылгандар – ага үй, машина жана болгон акчамдын 30%ы калат. Аны окуган соң, майдалап айрып салды. Мени менен 10 жыл жашаган аял, күтүүсүздөн мен үчүн чоочун болуп калды. Мага арнап ушунчалык көп убакытын короткону үчүн аны аядым, бирок сөзүмдү артка кайтара албадым – башканы сүйүп калгам. Акыры ал ыйлап жиберди. Мен муну күткөм. Мен үчүн анын көз жашы кандайдыр бир эркиндиктей сезилди. Ажырашуу жөнүндө акыркы жумаларда ойлонуп жүргөнүм, эми ачыгыраак көрүнө баштады. Эртеси үйгө кеч келдим, аялым столдо бир нерсе жазып отуруптур. Тамак ичпей эле, түз эле барып жатып алдым, себеби, башка менен күн өткөрүп, аябай чарчагам. Ойгонсом, дагы деле столдо жазып отуруптур. Мага баары бир болчу, ошондуктан, оодарылып, кайра уйкуга кеттим. Эртең менен ал мага өзүнүн ажырашуу шарты менен тааныштырды. Менден эч нерсе кереги жок экен, болгону, ажырашууну бир айга жылдыруу. Ал мени, бул айды нормалдуу жашоо менен өткөрүп, бүт аракетимди жумшаарын сураныптыр. Себеби жөнөкөй болчу, ортобуздагы балабыздын экзамендери башталып жаткан, биздин ажырашуу ага катуу тийбесин дегени болчу.

Мага жакты. Бирок, дагы бир шарт бар экен: мен аны күндө, ушул ай аралыгында, бөлмөдөн эшиктин алдына чейин колума көтөрүп чыгышым керек болду, биздин үлпөт күндөгүдөй. Жинди болгонбу деп ойлодум. Бирок биздин акыркы күндөрдөгү мамилени бузбайын деп, бул таң каларлык шартты кабыл алдым. Айгүлгө болсо ажырашуунун шарттарын айттым. Ал күлүп, муну абсурд деп атады. Анан дагы, аялым эмне ойлоп таппасын, келечекке моюн сунгандан башка аргасы жок экенин кошо кетти.

Аялым менен, ажырашууну айткандан бери эч кандай дене контакты болгон жок. Ошонуктан, биринчи күнү аны колума көтөрүп баратканда, ыңгайсыз сезилди. Балам аркабыздан карап, атасы апасын көтөрүп баратканына кубанып, кол чаап турду. Анын сөздөрү менин жаралантып жатты. Бирок аялым акырын: “Ага эч нерсе айтпа”, — деп шыбырады. Босогодон аны жерге койдум, ошентип, ал жумушуна кетти, мен да өз жумушума жөнөдүм. Экинчи күнү экөөбүзгө тең жеңилдей сезилди. Ал мени бекем кучактап турду. Мен анын атырынын жытын сезип турдум. Көптөн бери бул аялга көңүл бурбай жүргөнүмдү байкадым. Анын, эми жаш эмес экенин да байкадым. Бетинде майда бырыштар, ак чачтар… Биздин нике ага өз тагын калтырыптыр. Төртүнчү күнү, аны колго көтөргөндө, жакындык кайра кайта баштаганын байкадым. Бул аял мага 10 жыл өмүрүн арнады. 5-6-күндөрү жакындык күчөй баштады. Бул тууралуу Айгүлгө айткан жокмун. Ошентип, байкалбай бир ай өтүп кетти. Күндө күч менен машыккандай болдум окшойт, балким ошо мени күчтүү кылды, анын салмагы мен үчүн жеңил болуп калды.

Бир күнү, эртең менен, ал кандай көйнөк кийишти көпкө издеп жатты. Көп көйнөктөрдү кийип көрдү, бирок чагын такыр таппай жатты. Үшкүрүнүп, көйнөгүнүн баары чоң болуп калганын айтты. Анын арыктап кеткенин ошондо түшүндүм. Байкабай, башынан сылап жибериптирмин. Ушул көз ирмемде балам кирип келип, апасын ылдый көтөрүп түшүүгө убакыт келгенен эскертти. Ал үчүн, апасын көтөрүп түшкөн атасы, жашоосунун бир бөлүгү болуп калган. Аялым баламды жакын келүүсүн суранып, бекем кучактап алды. Мен тетири карадым, акыркы мүнөттө чечимимди өзгөртүп алуудан корктум. Аны колго көтөрдүм, ал менин мойнуман кучактады, мен аны өзүмө катуураак кыстым. Бул биздин үлпөт күндөгүдөй болду. Болгону анын арыктаганы мени капалантты. Эң акыркы күнү, аны көтөрүп турганда, кадам аттай албай калдым. Балам мектепке кетти. Мен аны катуу кучактап, биздин жашоодо жакындык жоголуп кеткенин байкаганымды айттым. Офиске келип, машинадан ыргып түштүм, эшигин да жаппай калыптырмын. Мен, ар бир мүнөт менин чечимимден баш тарттыраарынан коркуп жаттым. Өйдө көтөрүлдүм. Эшикти Айгүл ачты: “Айгүл, кечир, бирок мен ажырашкым келбейт” дедим.

***

Таң калып мени карады да чекемен кармап көрдү. “Температураң жокпу?” Мен анын колун алып: «Кечир, бирок мен ажырашпайм. Менин никем жадатма болуп кеткен, көрсө мен, бири-бирибизди сүйбөй калгандыктан эмес, биздин жашоонун баалуулуктарын барктабай жүрүптүрмүн. Мен эми түшүндүм, үйлөнгөн күнү колумда кандай көтөрүп жүргөн болсом, так ошондой, өмүрүмдүн аягына чейин, өлүм бизди ажыратканга чейин, колума көтөрүп жүрөөрүмдү”. Айгүл менин сөздөрүмдү түшүндү. Жаактан ары мени чаап, өзүнө кирип кетип, ыйлап жатты. Ылдый түшүп, кетип калдым. Жолдо келатып, гүл саткан дүкөнгө кирип, аялыма букет заказ кылдым.

Сатуучу эмне кат жазайын дегенде, жылмайып туруп өзүм жаздым: “Мен сени, өлүм бизди ажыратканча, ар бир таң колума көтөрүп жүрөм”. Ал күнү кечинде, колума букет көтөрүп алып, жылмайган бойдон уктоочу бөлмөгө кирдим. Аялым төшөктө жатыптыр. Өлүк. Бир нече айдан бери рак менен алышып жүргөн, мен келесоо болсо, Айгүл менен романыма убакытымды бөлүп атып, аны байкабай деле калыпмын. Аялым өлөөрүн билген экен, ошону менен кошо, ажырашып, баламдын көңүлүн түшүрбөйүн деген турбайбы. Аялым үчүн негизгиси, мен баламдын көзүндө сүйгөн жар катары калышым болгон экен…Майда деталдар мамиледе өтө маанилүү. Бул үй эмес, машина эмес, банктагы акча дагы эмес. Мунун баары бакыттын чөйрөсүн курат, бирок бакыт алып келе албайт. Ошондуктан, убакыт табалы. Жубайыбызга жакшы дос болуш үчүн, ортобузда жакындык жараткан майда барат нерселерге көңүл буралы. Ар бир нике бактылуу болсун!

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу