Башкаларга сабак: Тартип сакчысы пара алып жаткан жеринен кармалды!

Ордолуу Ош облусунда милиция кызматкери пара менен кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, 17-январда 22 жаштагы Х.Ш. аттуу адам ИИМдин ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылган.Ал жазган арызында, Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагындагы милиция бөлүмчөсүнүн К.К. аттуу башчысы 200 доллар бербесе, анын соода кылган жерин жаап коёрун айтып коркуткан.

Мындан улам, ИИМдин ички иликтөө, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 18-январда анын милиция бөлүмчөсүндө арыз жазган адамдан 7 миң сом пара алып жатканда кармап алышты.

Тергөөнү улантуу иши УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматынын аймактагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу