Батукаев Кавказ «музыкасын» буйруса, биздин чиновниктер «лезгинкага» түшүп жатпайбы…

Атамбаев бийлигинин чыныгы жүзүн миллиондогон доллар эмес, бычакка сап болчу кыргыз жигиттерин өлтүргөн, түрмөдө жаткандардын кулагын кескилеп ойногон Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши көрсөткөн. Азыркы бийлик элди, мамлекеттүүлүктү тоготпой, жаба түкүргөн чиновниктерди катары менен камап жатат. Күнөөсү болсо камалышы керек да, туурабы? Бугүн баары эле актанып, бул иште акмын дегенге өтүп алышты. Батукаев өзү чыгып кеткендей элес калып жатат, баары бул ишке аралашпагам деп жаткан соң… Кызык…

Кыргыз бийлиги бапестеп узаткан Батукаев азыр Чеченстанда жүрсө, бул жакта жактоочулук кызматты аткаргандар темир тордун артына бири-бирин сүдүрөп кирип жатат. Бул камоолор аягы эмес, башында турган адамга жетмейинче улана берери турган иш. Мыйзамдагы уурунун өлкөдөн чыгышына буту-бутуна тийбей мамчиновниктер чуркаганынын сыры эмнеде? – деген суроонун жообу башты айланткан акча экени баарына маалым болуп жатса да, канча акча баарын чуркатканы ачыкталбай келүүдө.

Азиз Чеченстанга атайын даярдалып, “Манас” аэропортунда 2 күн күтүп турган жеке учак менен учуп кеткени маалым. Бул учак кимдин чакыруусу менен келген? Ал үчүн канча акча төлөнгөн? Вице-премьер-министр болуп турган Шамиль Атахановдун баласынын тийешеси болгон учак экени айтылбады беле. Азырынча Атахановдун баласы буга жооп бере элек. Учактын кызматы үчүн төлөнгөн сумма дагы сыр бойдон калууда. Камалгандар же камап жаткандар бул тууралуу ачык маалымат бере элек.

Биздин маалымат боюнча Азизди алып кеткен учак кызматы үчүн адамдар 500 миң доллар акча сурашкан. Батукаев бул акчаны берүүдөн баш тарткан. Батукаев баш тарта албайт, биз сураган сумманы берүүгө аргасыз болот дегендер башка жоопту укканда, дароо эле 500 миң доллардан, 200 миң долларга түшүшөт. Чеченстанга алып учкан учак үчүн 200 миң доллар төлөнүп жаткан соң, аны бошотуп, аэропорттон тоскоолдуксуз узатуу үчүн канча акча берилгенин элестетип көрө бергиле… Биз элестетпеген баш айлантчу сумма. Бул акчага Азиз Батукаев Кавказ «музыкасын» буйруса, биздин чиновниктер «лезгинкага» түшкөнү ушундан.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу