Баткен прокурорунун өлүмүнө Мухаммедкалый Абылгазиевдин тууганынын катыштыгы барбы?

Айыпталуучунун эжеси ошол каргашалуу мергенчиликке баргандардын баары жазасын алат деп үмүт кылат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын тууганы жана президент Сооронбай Жээнбековдун тууганы Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду акыркы жолу көргөндөрдүн арасында бар дешет. Кандай болгондо да, Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүдө айыпталып жаткан облустук капиталдык курулуш башкармасынын начальниги Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкова ушундай деп айтып жатат. Ал YouTube га белгисиз бирөө тарабынан колган видеосюжетке айтылган комментарийге таянат:

«Комментарийдин автору прокурорлордун бири Байбосунов — Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын тууганы экендигин ырастап айтат, — деп жазат аял. Ал эми экинчи прокурор — Эмил деген — Сооронбай Жээнбековдун тууганы. Вице-премьер Жеңиш Разаков болсо ИИБ башчысынын орун басары Арстандын өкүл атасы болуп саналат».
Калыкова бул адамдарды кызматтан алуу (Арстандан башкасын) жетишээрлик жаза эмес дейт, анткени прокурорлор тийешелүү уруксаты жок мергенчиликке чыгышкан. Анын ою боюнча, алардын баарын Мелис Калыковго окшотуп иликтөө бүткүчө камоо керек. Калыкова президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана вице-премьер Жеңиш Разаковго YouTube дан айтылган жашыруун комментарийге түшүндүрмө берүүсүн сурап кайрылган.

«Көрсөтүлгөн бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери прокурор Мамажакыповдун өлүмүнө тийешеси бар, — деп белгиледи ал аял. Бул адамдар өлкөнүн эң жогорку кызматтарындагы кишилердин тууганы болгону үчүн жазаланбай калды деп кыргызстандыктардын ойлошун каалабайм… Бирок биз президенттин коррупция менен күрөшөм деген сөзүнө ишенебиз».

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду 2018-жылы мергенчиликте өлтүрүшкөндөрүн билдирген. Денесинде ок жана бычак тийген жаракаттары болгон.

Ал бир нече прокурорлордун жана Баткен капиталдык курулуш башкармасынын начальниги Мелис Калыковдун жамааты менен чогуу болгон. Мелис Калыков негизги шектүү болуп саналат. Кадамжай райондук соту аны 2 айга камакка алууга токтом кылды.

Калыков өзүнүн күнөөсүн кээ бир жерде гана мойнуна албайт: «Мелис Калыков жолдо келатып экөөнүн ортосунда жаңжал чыккандыгын айтат, андан ары мушташууга чейин барышкан, — деп Башпрокуратурага беришкен. — Ал мергенчилик мылтыгын сууруп чыгып жана кокусунан Мамажакыповдун башына атып алган. Андан соң коркуп, тамеки тартып жатып кокусунан курткасын күйгүзүп алат. Анан ал курткасын Мамажакыповдун денеси тарапка ыргытып, аны өрттөп жиберген. Дененин 80 пайзы күйгөн».

Ошол эле жерден аларга мергенчиликке уруксат жок болгондугун тастыкташты. Дамира Калыкова анын инисине болгон укук коргоочулардын басымы тууралуу мурда күнөөлөгөн аларды. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү анын маалыматын четке кагышат.

Булак: Vesti.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу