«Баткенский» тууралуу кызыктуу фактылар…


  1. Өлкөнүн Баткен областында гана коңшулаш мамлекеттердин анклавдары орун алган.

  1. Жапондор сакура менен мактанса Баткендиктер жаз айларынын алгачкы күндөрүндө өрүкзарлар кооздугу менен мактанат.

 

  1. Дүйнөдөгү эң таза сурманын эталону — Баткендин сурмасы болуп табылган.

  1. Баткенде 18-кылымга таандык тарыхый Кудаяр хандын эстелик чеби орун алган.

  1. Коңшулаш Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкени менен облус борбор Баткен шаарынын тургундарынын 99,9 пайызын кыргыз улутундагылар түзөт.

 

  1. Сейрек кездешүүчү “Айгүл гүлү” Баткенде өсөт.

  1. Кыргызстандын эң жапыз жери Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айылы деңиз деңгээлинен 401 м гана бийиктикте жайгашкан.

  1. Белгилүү мамлекеттик тарыхый ишмерлер Исках Разаков, Мурат Саликов, Абдыкадыр Орозбеков, Абсамат Масалиев өңдүү өлкөбүздүн намысын коргогон инсандар, өрүкзарлуу Баткендин чыгаандары.

  1. Жергиликтүү композитор Мамажан Козубаевдин “Баткен бүгүн башкача” ыры шаардын гимнине айланган.

  1. Облустун аймагында 3 район, 6 шаар, 3 шаарча жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу