Баткендин прокурорунун милдетин аткаруучу дайындалды

Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Ороз Бердибаев дайындалганы расмий кабарланды. Мурда ал Башкы прокуратуранын Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишине көзөмөл кылган бөлүмдө улук прокурор болуп иштеген.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда аймактагы тоо арасынан табылган. Милиция анын окко учканын билдирип, экспертиза дайындалган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Маркум ал күнү санаалаштары менен аңчылыкка чыкканы кабарланууда. Анын өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Андан тышкары ошол күнү Мамажакыпов менен кошо мергенчиликке чыккан прокуратуранын алты кызматкери сурак берип жатканы белгилүү болду.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу