БАТИРЛЕРДИ МЕЙМАНКАНА КАТАРЫ КҮНҮГӨ ИЖАРАГА БЕРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРҮҮ СУНУШТАЛУУДА

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде турак-жай кодексине, администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.

Ага ылайык, эми көп кабаттуу үйлөрдү күнүнө ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам күчүн жоготмокчу.

“Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Каракол шаарынын тургундарынан көп сунуштар туштү Ал жакта жайы-кышы туристтер эс алышат жана алар Караколдо көп кабаттуу үйлөрдү ижарага берүүнү өтүнүшүүдө. Алар патент алышып, салык төлөп, соцфондго акча төлөп турушат”,-деди депутат Дастан Бекешев.

Эл өкүлү кайсы аймактарда батирлерди күнүгө ижарага берсе болорун өкмөт аныкташы керектигин кошумчалады. Бирок бул сунушту депутат Элвира Сурабалдиева колдогон жок.

“Бул өзгөртүүлөрдүн кандай мааниси бар? Биз бул мыйзамды жокко чыгарып салуубуз керек. Бизде туризм Ысык-Көлдө эле бекен? Биз мыйзам иштебей жатканын моюнга алуубуз керек. ИИМге эле мүмкүнчүлү бердик”,-деди Сурабалдиева

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январынан тарта батирлерин бир күнгө мейманкана катары ижарага бергендерге 7 миң сомдон 70 миң сомго чейин айыппул салууга байланышкан мыйзам долбоору кабыл алынган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу