Балээден кантип кутулабыз? Түнкү клубдардын кереги барбы?

Акыркы кезде түнкү клуб, бейубакта эс алуучу жайлар тынымсыз иштеп калды. Мына ушундай жайлардан ар кандай балекеттер чыгып жатканын кана ким андай эмес деп так кесе айта алат? Жакында эле “Гараж 312” деген укмуш аты бар клубдун ичинен маң заттар табылганын айтышты түнкү “чабуул” учурунда. Эркектерден сырткары он беш кыз бала болгону да опурталдуу.Чагымда жан тарткан бирөөлөр алдын-ала кабар берип койгондой. Болбосо далай шумдуктуулар кармалмак. Көрсө ушулардын эсебинен жанын баккандар бар экен да. Эгерде андай сүлүк курттар болбосо мындай жайлар эбак соолуп калмак, улам кармала берип.

Негизинде каражаты капчыгынан ашып ташкандардын балдары күндүз кечке уктап, түндө эс алуучу жерлерди байырлашат. Эмнеге алар андай жайларды “мекендешет”. Анткени ар кандай ооз ачырган окуяларга күбө болууну каалагандар жөнөкөй турмушту жактырбай калышат. Алгач, чөптөн чегип рахат алып, кийин оор героинге көчүп кеткендерди азыр кимдер билбейт? Ошондой үлпөттүн жетегинде болуп, “кайф” кармоону адат кылып алган жаштардын ата-энелери далай доктурлардын эшигине келип жан соогалашканын көргөндөр башын чайкап тим болушат. А чынында мындан өткөн бактысыздык жок экенин башынан ушундай окуяларды кечиргендер айтып калышат. Алар дайыма баласы, же кызы түнкү “жоортулга” чыкканда түнү боюу уктабай санаа чегишет. Мындай дартка чөйрөсү жаман балдар чалдыгышат. Себеби, ууруну жандасаң акыры ууру болосуң, эгерде нашачыга кошулсаң нашакор болоруң аштан бышык. Бекер жерден досуңду көргөз, сенин ким экениңди айтып берем дебегендир адамдар.

Азыркы күндө жаман илдетке үйрөтүүчү “башаттар” толтура. Мектеп жашындагы кароосуз калган өспүрүмдүр топтошуп алып клей жыттап, наспай, тамеки чеккенди үйрөнсө, андан бираз торолуп калдым деп өзүн эсептеген эргулдар бекер кара куурайдан наша жасап алып эрмектешет. Чүйдө, Көлдө, Өзгөрүш тарапта калыңөскөн кара куурайды “менчиктеп” алгандар толтура. Аны кадимкидей товар катары сатып, өзү да моокуму канганча чегип жүргөндөрдү учасковыйлар жакындан билет десек калпы жок. Ошолордун көмөгү аркылуу жанын баккандар деле жок эмес. Ал эми шаарларда болсо “спайстар”

кенен таралып жатканын танууга болбойт. Анча-мынчаларын сводка үчүн эле кармашпаса акчалууларды башынан сылап жүрүүгө муктаж болгон кызыл шапкечендердин “тукуму” соолуй элек. Түнкү клубдарга деле “крыша” болгондорду керек болсо ошол жердин ээлери ачык билет.

Айтор, жалаң кылмыш дүйнөсүнүн очогу болгон, тентек жаштардын “сүйүктүү” жайына айланган жайлардын бизге зарылчылыгы барбы? Эгерде алардын ордуна балдар машыкчу жайларды жандандырсак пайдалуу болорун неге эсибизге албайбыз? Алардын салыкка киргизген бираз тыйынына караганда зыяны көп болуп жатпайбы? Деги түнкү клубдан мамлекетке, же элге пайда табылыптыр деген кепти бирөө уктубу? Баланчанын баласын бычак менен сайып кетишиптир, түкүнчөнүн алмончоктой кызы героин чегип кырсыкка учураптыр, баягы шордуу кошунабыз дагы эле жалгыз уулун айыктыра албай жүрөт бейтапканаларды кыдырып деген сөздрдү укканда сай-сөөгүң сыздайт.

Ошондуктан түнкү клубдарды, эс алуучу жайларды жабууну активдештирүү маселеси бышып жетилди. Мамлекет бар экенин тастыктоого мезгил келди окшойт. Айрыкча күч түзүмүнүн өкүлдөрү, жетекчилери алгач кылмыштуулуктун себепкери болгон ушул жерлерди жоюга чечкиндүү иш-аракеттерди кыймыл аракетке келтирүү учурдун өктөм талабы деп билишсин. Ошондо көзүнөн жашы төгүлгөн ата-энелердин, жалпы кооичулуктун сообуна калышмак. Түнкү клубда коогалаңдуу окуя болуптур деген кептердин жаагын айрыбасак жаштарды оң жолго сала албайбыз. Ушуну колго алсак миңдеген жаштардын кыйчалыш жолго түшүүсүнө бөгөт коюлмак.

Ж. Түзайтар

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу