Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткандар иш таштады

Бүгүн 31-октябрда Балыкчы-Тамчы-Корумду автоунаа жолунун куруучулары кайрадан иш таштап, нааразылык акциясына чыгышты.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, Балыкчы шаарына чогулган 50дөн ашык жумушчу акыркы үч айдан бери айлык ала албай жүргөнүн айтып, маяна төлөнүп берилгенден кийин гана ишке киришерин айтып турушат.

Нааразы болгон жумушчулар менен Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев жолукту. Ал Транспорт жана жол министрлиги менен байланышып, жумушчулардын айлыгы боюнча маселе бир жумада чечилерин айтты.

Балыкчы – Корумду жолунун курулушу – өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп келе жатат. Маселени мурдараак парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу