“Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт”…

Коррупцияга айыпталып камалып, 10 миллион сом айып пул төлөп, жазадан жеңил кутулуп кеткен Ахматбек Келдибеков коомчулукта бажы тармагынын серый кардиналы катары таанымал Райым Матраимовду (Райым миллион) ыгы келген да, келбеген да жерден мактап-жактап, коргогонду адатка айлантып алды. Өзгөчө баласын үйлөнтүп, өкүл ата кылып шайлагандан бери эки сөзүнүн бири эле Райым болуп калды. Андан өткөн мекенчил, патриот жок. Бардан дагы “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, “Райым миллионду” “коррупционер” деп айтуу жигиттик эмес”, деп аныктама берсе, уккан адамдын “кулагы үркөт”. Акчанын күчү эмне дедирбейт. Мынча болду, Кыргыз Өкмөтү менен соттошуп жаткан “Райым миллиондун” соттук процессине катышып, адвокаты болуп алса жарашмак. Ошондо чындап Матраимовдордун сөөгүн агартмак.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу