Балыкчынын мэри ким? Көчө селсаягыбы, бандитпи?

Айрым чиновниктерди эл жасаган иши боюнча эмес, жосунсуз жүрүш-турушу, адепсиз
сөзү аркылуу таанып калышкандыгы азыр жашыруун деле болбой калды. Мындай эрке
талтаң атка минерлер кайсы бир Ак үйдөгү “жакшылардын” досу, группалашы же
ойношу болуп чыгары да бештен белгилүү. 6-августта интернетте Балыкчы шаарынын
мурдагы мэри Сатыбек Шамудинов менен учурдагы мэр Алмаз Мамбетовдун телефон
сүйлөшүүсү делген аудиожазуусу ачыкка чыгып кетти. Анда Балыкчы шаарынын азыркы
мэри Алмаз Мамбетовдун үнүнө окшош адам укмуштуудай, көчө балдары бул жакта
калсын, бандиттерден ашып түшкөн (алар да ашыкча сөгүнбөшүн билебиз), абдан эле
белден ылдый кетип, богооздонуп сөгүнүп, мурунку мэрди жерден алып көргө чапкан
сөздөрү жазылган. Телефон сүйлөшүүдө А.Мамбетов мурунку мэр С.Шамудиновго
телефон чалып, “эмнеге мэр отчет берсин деген кагазга кол коесуң, мен сени минтип
ойлогон эмесмин. Ошол кол койгон 30уңарды тең, сени кошуп жок кылам, колу-
бутуңарды байлап Көлгө чөктүрөм”, айтор, “минтип жиберем, тигинтип жиберем” деген
абдан уят сөздөр менен сөккөнү угулат. Аны менен бирге мэрлик кызматтын айрым ички
сырлары ачыкталат. Тооба, бизди чындап эле көчө деңгээлиндеги, бандиттик
психологиядагы чиновниктер башкарып аткан го.

Булак: “Майдан. kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу