Балыкчыда ымыркайдын башын жулуп алды делген акушерка Тилек Айдаралиева дейт, жабыр тарткан келиндин аты Чолпон…

Республикалык гинекология борборунун башчысы, Асылбашева Раиса: «Балыкчыда, башы жулунуп, төрөлгөн наристе тууралуу факты катталган жок» — деп Чагылган сайтына билдирген менен азырынча ачык чыгуудан айбыгып, бизге маалыматты вотсап аркылуу жөнөтүп жаткан мекендешибиз бул маселе боюнча дагы бир катар фактыларды ачыктаганга аракет кылды. Анын маалыматы боюнча Балыкчы төрөтканасына көз жарам деп кайрылган келиндин аты Чолпон, күйөөсү Равиль экен. Келин Ак ­Өлөң айылыныа турмушка чыгып, ошол жакта жашайт дейт. Ал эми аны төрөтөм деп, баласынын башын этиятсыздык менен жулуп алган акушерка айымдын аты Айдаралиева Тилек деп айтылууда. Кыңыр иш кырк жылда деп мурун айтылчу эле, азыр бул накыл кеп кыңыр иш кырк күндө болуп алмашып бараткандай. Демек, мындай маалыматтар, кеп­сөздөрдүн баары тең эле бекер жерден чыкпаса керек. Кыскасы, бул жерде бир чоң мандем бар. Ал эми мындай кылмыш кылып алган тарап албетте өз күнөөлөрүн жаап­жашырууга абдан аракет кылат эмеспи. Андыктан бул маселени дагы да терең иликтеп, ачыктоо зарыл. Балким укук коргоо органдары да бул маалыматты текешрип, иликтөө жүргүзүп көрөр… Бул адамдын үрөйүн учурган шумдук маалымат кечетен бери социалдык түйүндөрдө катуу талкууга алынып, окурмандар жүздөгөн пикирлерди калтырып, бул маалымат текешрилип, күнөө кетиргендер жазаланышын талап кылышууда. Айрым пикир калтыргандар мындай окуя мурун да катталгандыгын жазышкан…

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу