Балыкты эмнеге жеп туруш керек?

Балыктын пайдасы өтө көп. Балык этиндеги холестерин өлчөмү малдын этинин курамындагы холестеринден 3 эсе аз болот. Ошондуктан балык жүрөккө пайдалуу тамак. Мурда балык көзгө пайдалуу экенин билсеңиз, эми жүрөккө да пайдалуу экенин биле жүрүңүз. Эксимостордун ден-соолугу менен жашоо салтына жүргүзүлгөн изилдөө натыйжасында окумуштуулар балык этинин жүрөктүн саламаттыгына түз байланышы бар экенин аныктаган. Суук жердин тургундары негизинен балык эти менен азыктанышат, ал эми жер-жемиштерди аз гана түрүн колдонушат. Ага карабастан окумуштуулар алардын жүрөк, кан –тамыр системаларынан эч кандай кемчилик таппаганын айтат. Ушундан кийин атайы изилдөө жүргүзүп, натыйжасында балыктын эти менен майы жүрөк ооруларын алдын алууга жардам берет деген корутундуга келишкен.

Балык майын балдарга “Д” витаминин негизи көзгө пайдалуу деп сунушташса, 40 жаштан ашкан кишилерге инфаркт менен инсультту алдын алуу үчүн сунушташат. Балык майы кандын уюшуна жол бербейт, жүрөктүн согушун иреттеп, жүрөктүн кармап калуусунун санын азайтат, тактап айтканда жогорку кан кысымына, артериялык кысымдын төмөндөшүнө жардам берет.

Ошону менен катар өнөкөт р созылмалы сезгенүүлөрдө, артритте, жоон ичеги сезгенгенде, башка дагы ичеги ооруларында балы майынын жадамы менен дарт айыгып, ичеги-карын жана астма, кээ бир тери оорулары менен бөйрөк оорусу, стресс менен созулмалуу чарчоо синдромуна да пайдасын тийгизет.

Балык майын кандай жагдайда пайдалануу керек?

— А витамининин жетишпестигинде (өткүр респираторлуу ооруга тез-тезден чадыккан кезде, сөөктүн өсүүсү бузулганда, көрүү жөндөмү төмөндөгөндө, тери, чач, тырмак, тиш түзүлүшүнүн бузулганында);

— Көз ооруларын дарылоо кезинде;

— Д витаминин жетишпестигинде;

— Атеросклероз менен тамырда пайда болгон ооруларды алдын алууда;

— Тромбофлебитти дарылоо кезинде;

— Иммунитетти бекемдеп, эсте сактоо жөндөмүн калыпка келтирүү менен стрессте;

— Ысыктан жана химиялык заттардан болгон күйүктү айыктырууда (теринин сыртынан колдонулат).

Эсиңизде болсун!

• Балык майын организмдин сезимталдуулугу болсо, кандын курамында Д витамининин мол көлөмү азайган болсо, заара жолу менен өт жолунда таш пайда болгон болсо, калкан безинин жумушун өтө активдүү иштегенде колдонууга таптакыр болбойт.

• Балыктын курамындагы негизги пайдалуу зат омега-з болгону менен, ал тез бузулуп, же кычкыл тартып, өзүнүн дарылык касиетин жоёт. Аны болтурбоо үчүн балыктан даярдалган тамакка С жана Е витаминдерин кошкон жакшы. Мисалы, балыктын тилинген жерине лимон ширесин тамызсаңыз, анын даамын киргизип койбой, курамындагы пайдалуу заттардаы да сактап калат. «Сельд под шубой» салатын жасаганда майчабакты курамын сактап калуу үчүн, ага аз гана күн карама майын тамызат. Ошону менен катар бул максатта кызылача, пияз жана сабизди да кошсо болот.

Балыктан жасалган тамактын тез даяр болгону жакшы. Анткени анын курамындагы белок узак убакыт жогору температурада болгондо пайдасын жоготот. Ал эми кызартып же кайнатып бышыруу үчүн 10-20 мүнөт жетиштүү.

Азыр “Instagram”да “Direct”те бир же бир нече адам менен видео аркылуу сүйлөшүүгө болот. Видеочаттын жардамы менен достаруңузга телефон номеринсиз “iOS” жана “Android” аркылуу чала аласыз», — делинген эле кабарда.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу