Балмуздак стресстен куткарат

 

Жайдын ысык күндөрү бардыгыбыз сүйүп жеген балмуздак стресстен куткарат экен. Бул тууралуу улуу британиялык нейрофизиологдор «Rebuild from Depression» басылмасына берген маалыматында кабарлашты.

Лондондук адистердин изилдөөлөрдүн натыйжасында «балмуздак адамды стресстен куткарат» деген жыйынтыкка келип жатышат. Балмуздак жеген адам көңүлүнүн чөгүшүн бир саамга болсо да эстен чыгарып, унутат экен.

— Балмуздак жегенде адамдын мээсинин бөлүгүндө клеткалар жанданат. Адатта мээнин бул бөлүгү адам музыка укканда жана жакын адамдары менен кездешкенде гана кызмат аткара баштайт”, — дейт изилдөөчүлөр.

Лондондук нейрофизиологтардын айтуусу боюнча, стресске шоколады бар балмуздак пайдалуу экен. Ал эми ушуга чейин шоколаддын маанайга таасири тууралуу айтылып да, жазылып да жүрөт. Ошондой эле, америкалык окумуштуулар балмуздактын психологиялык стресс менен уйкусуздуктан арылтары тууралуу 2011-жылы билдиришкен эле.

Буткүл дүйнөлү ден-соолукту сактоо уюмунун маалыматы боюнча, алдынкы убактта дүйнө элдеринин башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп да калышы мүмкүн. Адистер 2020-жылга карата стресстин кесепетинен пайда болгон оорулар менен андан улам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны арбып жатканын эскертип жатат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу