Балдар үчүн эң пайдалуу он азык…

Балдар үчүн эң пайдалуу он азыкты сунуштайбыз.

Сүт

Сүттүн курамы протеин, витамин А, магний, кальций жана фосфор минералдарына бай.

Уй эти

Уй этинин курамында B витамини, протеин, темир жана никотин кычкылы көп.

Айран

Айрандын курамында дагы протеин, кальций, цинк, фосфор жана витамин Вга өтө бай келет.

Балык

Балыктын курамы протеин, ниацин, цинк, В витамини көп. Буга кошумча балыктын курамындагы Омега-3 майы өтө пайдалуу келип, жүрөк оорусунун алдын алат.

Жумуртка

Жумуртка дагы өтө пайдалуу азыктын курамын толуктайт. Анын курамы дагы көптөгөн витаминдерге жана минералдарга бай.

Картошка

Картошканын курамы калий, А, С витаминдери, фолий кычкылы, кальций көп. Кант диабет оорусуна чалдыккандар картошканы сууга бышырып жеген өтө пайдалуу.

Брокколи

Брокколи дагы балдар үчүн өтө пайдалуу азыктын курамын толуктайт. Адистер аны быша элегинде жеген өтө пайдалуу экендигин эскертет.

Дан азыктары

Дан азыктары дагы витаминдер менен минералдарга өтө бай келет. Айрыкча алардын курамында фолий кычкылы, цинк жана В витаминге бай.

Кара бүлдүркөн

Кара бүлдүркөн көптөгөн оорулардын алдын алат. Анда организмге пайдалуу бардык витаминдерди кездештирүүгө болот. Тагыраак айтканда, курамы калий, С витамини, цинк жана башка антиоксиданттарга бай.

Сыр

Сыр дагы эң пайдалуу азыктын курамын толуктайт. Курамы кальций, протеин, В12 витамини жана фосфорго бай келет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу