Балдар үйүнө камкордук кылган Жекшенкулов

Бүгүн 1-июнь  балдарды коргоо күнүнө карата  Панфилов районундагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп интернатына бардым. Мектептин шарты кыйла өзгөрүптүр. Арабдардын колдоосу менен мектепке заманбап үлгүдөгү имарат курулуп, имараттын ичинде авто унаа, чач тарач жана тикмечилик боюнча окутуп үйрөтүүчү  класстар ачылыптыр. Бул жерден коомдук ишмер Аликбек Жекшенкуловго жолугуп калдым. Окуучулар Аликбек Жекшенкуловичти көргөндө аялуу сезим менен алдынан тосуп чуркап чыгышты. Аликбек мырза ар бир баланы бетинен өөп эркелетип учурашып жатты.  Аликбек мырза бул мектеп интернатына 7 жылдан бери колдоо көрсөтүп келет экен. Атайы бир классты өз камкордугуна  алып, жыл сайын майрамдарда мектеп интернатына келип балдардын көңүлүн көтөрүп, белектерди берип кубандырып кетээрин айтты.

 

2010-жылы каргашалуу Ош окуясында кароосуз калган балдар,  ушул мектеп интернатына алынып келинген экен. Жаш балдарды көрүп, аларга ар тараптуу колдоолор керек экенин сезип,  бул мектеп интернатына колдоо көрсөтүп  келээрин белгиледи.

Аликбек мырза балдары куттуктоо сөзүндө  “Кыргызстандын эртеңи, келечеги силерсиңер, жакшы окугула жаман жолго барбагыла, жаман болуш бир паста, жакшы болуш аста аста демекчи, мугалимдердин берген таалим тарбиясын жүрөгүңөр менен кабыл алгыла. Мектепти жакшы окуп  бүтүрсөңөр Жогорку окуу жайларына окутууга жардам берем, балдарга камкордук кылуу ар бир инсандын милдети” — деп сөзүн жыйынтыкдады.

Аликбек Жекшенкуловдун балдарга болгон мамилесин көрүп туруп боорукер адамдардан куру эмес экенибизге ынандым.  Кыргызстанда колдоого муктаж  жаш балдар миңдеп саналат. Акчаларын самандай чачып жүргөн биздин Чиновниктерибиз, бизнесмен-оллигархтарыбыз, Аликбек мырзадан үлгү алып кароосуз калган  жетим балдарга жардам берип кайрымдуулук иштери менен алек болушса жакшы болмок. Бизде көбүнчө шайлоо жакындаганда гана саясатчы- байларыбыз карыларды, жетим балдарды ойлогон болуп саясий упай топтоого аракет кылышат. Ушундай терс көрүнүштөрдөн арылып биздин саясатчы-байларыбыз акчаларын асманга сапырбай, кайрымдуулук иштерине дагы көңүл бура жүрсө деген ойго келет экенсиң.

 

 

Булак: chyndyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу