Балдар кайда жоголушат?

Учурдун глобалдуу темаларынын бири болгон балдардын жоголуп кетүүсү, өзгөчө жаш балдары бар ата-энелердин тынчын алып келет. Статистикага таянсак, балдар ар кандай себептер менен жоголушат. Алардын эң кеңири жайылганы – балдардын үйдөн качуусу. Ага үй-бүлөнүн социалдык абалы себеп болот. Ал эми баланы уурдоо болсо эң коркунучтуу, бактыга жараша, аз кездешкен учур. Кандай гана болбосун, баласын жоготууну эч бир ата-эненин башына салбасын.

 

Балдарды жоголуудан кантип сактоо керек?

Балаңыздын күндөлүгүнө үйүңүздөн мектепке чейинки маршруттук баракчаны чийип бериңиз. Ал токой, бак-дарактар, жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн жанынан, суунун жээгинен өтпөгөндөй болсун.

Тарбиялуу бала чоң адамдын сунушун четке какпайт, аны угат. Бирок ал өз тарбиясынын жабырлануучусу болуп калбоосу үчүн кылмышкер жалаң гана жаман адамдын сөлөкөтүн кийбөөсүн, жакшы адамдын образында да болушун балаңыз билиши абзел.

Балаңызга коркунучтуу кырдаалга туш келип калган учурда «өрт!» деп кыйкырып элдин көңүлүн өзүнө бурдурууга үйрөтүңүз.

Эгерде сиз үйдө жок болсоңуз эч кимге эшикти ачпоону үйрөтүңүз. Алар милиция кызматкерлери, почта, коммуналдык төлөмдөрдүн кызматкери, тааныштарыңыз болсо да ачпашы керек.

Атын, жаш курагын, үй дарегин балаңызга үйрөтүңүз. Кийиминин ички чөнтөгүнө ата-энесинин, башка жакындарынын телефон номерлери, үйдүн дареги жазылган визитканы салып коюңуз.

Балаңызга уюлдук телефон менен баарлашканды үйрөтүңүз. Ага балаңыздын кайда жүргөнүн тастыктаган атайын кызматты көчүрүүнү унутпаңыз.

Сизде балаңыздын мугалиминин, досторунун, алардын ата-энелеринин телефон номерлери сөзсүз болсун.

Балаңыздан жоголуп кетсе эмне кыларын сураңыз. Бул менен сиз анын канчалык деңгээлде ал учурга даяр экендигин, кандай иш-аракет кыларын билип, туура эмес жерлерин оңдоо мүмкүн­-
чүлүгүн аласыз.

Балаңызга ачык түстөгү кийимдерди кийгизиңиз. Жок дегенде баш кийими өзгөчөлөнүп турсун. Көпчүлүк бар жерде жоголсо, табууга оңоюраак болот.

Көчөгө чыгар алдында балаңызды сүрөткө тартып алууну эске алыңыз. Бул жаңы сүрөт болуп, тез табууга жардам берет.

Статистика:

2012-жылы 407 бала жоголсо, 364ү табылган.

2013-жылы 767 бала жоголуп, 726сы табылган.

2014-жылы 619 бала жоголуп, 581и табылган.

2015-жылы 701 бала жоголуп, 664ү табылган.

2016-жылы 686 жоголуп, 650сү табылган.

2017-жылдын 1-январынан 24-августуна чейин 610 арыз катталып, анын 599у табылса,11ине издөө иштери улантылып келет.

“Дайынсыз жоголгон балдарды издөө” ата-энелердин коомдук кыймылынын жетекчиси Бакыт Эгембердиев: “Өз балдарымдын жоголуп кетүүсү фонд ачуума түрткү болду”

– Менин бул фондду түзүп калганыма өз балдарымдын жоголуп кетүүсү түрткү болду. 2010-жылы 8-майда мен балдарымды акыркы жолу көрө алдым. Анда биз Нарын шаарында жашачубуз. Ошол күнү мен иш сапарга кетип жатканда алар сезгендей мени коё бергилери келбей, өзгөчө кызым ыйлап жатты. Менин аларды көрүп калгым келгени менен жумушум да, кете бердим. Аларды жубатып болгону 20 сом бергеним дале эсимде. Ошол учурда кызым алты, ал эми уулум төрт жарым жашта эле. Иш сапардан 20-майда келсем, уулум Акбар менен кызым Диана жоголуп кетишиптир. Ошентип балдарымды жоготуп кыйын кырдаалга туш болдум. Аларды издөөдө көптөгөн көйгөйлөрдү башымдан өткөрдүм.

Өз балдарым жоголгондон кийин интернет же башка булактардан балдардын жоголгондугун көрүп, бир катар дал келүүлөргө байкоо салып жүрдүм. Маселен, балдар суунун жээгинен жоголсо, денеси, кийим-кечеси табылбайт, бирок бир байпагын же чокоюн калтырып коёт. Ушул сыяктуу дал келүүлөрдү байкап отуруп жоголгон балдар тууралуу фонд ачуу оюма келди. Ошентип көп өтпөй 2011-жылы Бишкек шаарына келип дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери үчүн коомдук кыймыл түздүм. Ал коомдук кыймыл “Дайынсыз жоголгон балдарды издөө” деп аталат. Максатым — дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүү. Ал үчүн тиешелүү кызматтардын адистеринин жардамы менен мурда жоголгон балдардын делолорун кайрадан көтөрүп чыгып, иш козготуп иликтөө иштерин жүргүзөбүз. Биз «Балдардын укугун коргоо» лигасы, Генералдык прокуратура, Ички иштер министрлигиндеги тиешелүү органдар менен чогуу иш алып барабыз. 2011-2017-жылдар аралыгында баласын жоготкон 15 чакты ата-эне менен бирге иш алып бардык. Бирок биринен да майнап чыккан жок.

Аматов Айбек: “Эртең мененки саат жетиде турсак балам үйдө жок экен”

– 15 жаштагы уулум Адилет ушул жылдын 6-августунда эртең мененки алтылар чамасында Жайыл районуна караштуу Салтаке айылындагы үйүбүздөн эле жоголуп кетти. Биз жетиде турсак ал үйдө жок экен. Баламдын үйдөн өз эрки менен чыккандыгы же бирөө-жарым короодон зордоп алып чыгып кеткендиги тууралуу так маалымат жок. Он жаштагы баламдын айтымына караганда, ал Адилет экөө эртең менен алтыларда турушуп, дааратканага барып келген соң кичүү балам үйгө кирип кайра жатып алган. Ал эми Адилет короодо калган. Биз аны достору менен ойногонго кетип калганбы деп издебей, кечки алтыга чейин келерин күттүк. Андан кийин гана издей баштадык. Мурда достору менен талаа иштерин кылууга барып турчу. Бирок бул жолку суранганында жибербей койгом. Ошондуктан баары бир ошол жакка кетип калганбы деп жакынкы жана алыскы аймактарда жайгашкан талаалардан, коңшу айылдардан издедик. Бирок эч ким көргөн эмес. Таарынып кетип калганбы дейин десем, урушкан эмеспиз. Анын үстүнө үйдөн качып кеткен адаты жок эле. Алыс жакка да кетпей, жаныбыздагы мектептин аянтчасында эле ойночу.

7-августта милиция кызматкерлерине балабыздын жоголуп кеткени тууралуу кабарладык. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Бирок эч ким көргөн эмес, бир дагы илинчек чыга элек. Балам үйдөн чыгып эле кайып болуп кеткен сымал. Менин оюмча, баламды бирөөлөр алысыраак жерге иштеткенге алып кетип калган болуш керек.

Капаров Бакыт: “12 жыл мурда жоголгон балдарымдын келерин күтүп келем”

– Уулдарым Иманбек жана Исманбек 2004-жылдын 6-августунда белгисиз себептер менен Керемет жаңы конушундагы үйүбүздөн жоголуп кеткен. Ал учурда мен Астана шаарына жумуштап кеткениме 3-4 күн эле болгон. Балдар түшкө чейин кошуна балдар менен ойноп жүрүшкөнүн бардыгы көргөн. Түштөн кийин эле жубайым бир аз убакытка базарга кетип, кайра келгенде балдарды таппай калган. Алгач көп маани бербегени менен качан гана кеч кирип баратканда издей баштаган. Балдарымды издеп коңшу мамлекеттердин телекөрсөтүүлөрүнө чейин кайрылып, өлүкканага барууга да аргасыз болдум. Балдарымды издебеген жерим калган жок. Дагы деле кол куушуруп отурбай, үзүлбөгөн үмүт менен бүгүнкү күнгө дейре издеп, жолугушчу күндү самап келем. Жоголгон учурда балдарым жети жана сегиз жашта эле, азыр 20-21ге чыгып чоңоюп калышты.

Гулматов Карчыбек: “Баламды көргөндөр бар, демек, ал тирүү”

– 14 жаштагы уулум Сыймык 2017-жылдын 6-июлунда кечки саат 4-5тер чамасында Москва районуна караштуу Сахзавод айылында жайгашкан үйдөн чач тарачка чыгып кеткен бойдон кайрылып келген жок.Чач тарачта иштеген аялдын айтымында, балам чачын кырктырып кеткен. Бирок кайсы тарапка, ким менен кеткендигин көргөн эмес. Досторунан сураштырсам, Сыймыкты ошол күнү эч ким көрбөгөнүн айтышты. Балким, мен тааныбаган достору да болушу мүмкүн. Эки бала менен “Сары- Өзөн” базары тарапта 15 күн мурда жүргөн деген маалыматтар чыкты. Бирок териштире келгенде ал жакта да жок болуп чыкты. Уулум эч кимге зыяны жок, көп сүйлөбөгөн, акыл-эстүү, жакшы окуган бала. Үйдөн себепсиз чыгып же качып кеткен адаты да жок эле. Мени соороткон дагы бир нерсе – Сыймыкты көргөн адамдар бар экен, демек, ал тирүү.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

Булак: Lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу