Балбан Элмирбек Садыров Жаштар олимпиадасында күмүш байге алды

Ушул күндөрү Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүп жаткан III Жаштар олимпиадасында кыргызстандык балбан Элмирбек Садыров күмүш байге алды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Садыров 12-октябрда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта А тобунда күч сынашты. Ал алгач жаңы зеландиялык Келлнер Арапо Нгатуеруа Жоржио менен күрөшүп, 9:0 эсебинде жеңишке жетти. Экинчи беттешинде мексикалык Угалде Агуилар Мигуель Анжелди 9:6 эсебинде утуп, А тобунда биринчи орунду ээлеп, финалга жолдомо алды.

Садыров алтын байге үчүн грузиялык Гиорги Чхиквадзе менен таймашты. Бул беттеште грузиялык спортчу тогуз упайлык ыкманы катары менен жасап, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип чемпион аталса, Элмирбек Садыров күмүш медаль тагынды. Бул салмакта коло байгени армениялык Сахак Ховханиссян алды.

6-октябрда башталган Жаштардын III жайкы Олимп оюндары 18-октябрга чейин уланат. Ага 206 мамлекеттен төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 32 түрүнөн таймашууда. Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрүнөн мөрөй талашат.

Элмирбек Садыровдун байгесин кошкондо азырынча Кыргызстандын спортчуларынын эсебинде жеке таймаштарда үч медаль бар. Буга чейин сууда сүзүүчү Денис Петра шов 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө күмүш байге алды. Кылыч чабышуудан (фехтование) Хасан Баудунов коло медаль тагынды. Ошондой эле улут аралык командалардын курамында кыргыз спортчуларынын эсебинде эки байге бар. Атап айтсак, командалык мелдештерде кылыч чабышуучу Хасан Баудунов күмүш, дзюдочу Султан Жеңишбеков коло байгеге арзыды.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу