Бала унутпай турган 5 нерсе…

1.Сиздин аркаңызда өзүн коркок сезбейт

Ар бир бала камкорлукка муктаж. Керек болсо, түндө коркуп жатканда бардык коркунучка каршы туруп, өзүн куткарганыңызды эч качан унутпайт. Ата-энесинен ар дайым коргоо күтөт.

2.Бардык чараны четке коюп, өзүнө гана көңүл бөлгөн убактыңызды

Балдар сиздин өзүнө деген махабатыңызды көңүл бөлүүңүзгө карап баалайт. Мисалы, болгон жумушуңузду таштап, ан менен бирге тамактансаңыз, бирге ойногон убакыт анын эсинде жакшы сакталат. Ошондуктан ушундай майда нерселерге да убакыт бөлүңүз.

3.Ата-энесинин урушу

Балдар сүйүү сезиминин көп бөлүгүн ата-энесинин карым-катнашына карап боюна сиңирет. Чоңойгондо өз атасына же апасына окшош жар издей баштайт. Ошондуктан анын алдындагы өз аброюуңузду түшүрбөөгө аракет кылыңыз.

4.Сиздин сындарыңыз, уруксатыңыз

Бала жүрөгү өтө назик, ийилчек бутак сыяктуу. Наристе чагында кандай камкорлук көрүп өссө, жүрөгү да жумшак, мээримдүү болот. Ал эми күндө уруш-кериш, катуу сынга кабылган болсо өтө жоош, туюк болуп калат. Ошондуктан керектүү жерде эскертүү жасап, керектүү жерде эркелетиңиз.

5.Үй-бүлөлүк салттар

“Балапан уядан эмне көрсө, учканда ошону алат”. Уй-бүлөдө дагы таалим-тарбиядан бөлөк ар бир жасалган салт-санаа, үй-бүлөлүк эрежелер баланын эсинде түбөлүк калат. Мисалы, кечкисин отуруп үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары оюн ойноп, кино көрүшү мүмкүн. Же бат-баттан табият койнуна чыгып сейилдөө болушу ыктымал.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу