Бала стресске кандай учурда кабылат?

Бала жаңы жерге барганда, ал жерге кантип адаптация кылып көндүрүү керек? Окуу жылы башталгандыгына үч ай өткөнүнө карабай, сиздин балаңыз дале болсо чырдап, сизге орой мамиле жасоодо. Же тетирисинче кыймыл-аракетке бай балаңыз, туруп-туруп эле жоош боло түшкөндүгүн байкадыңыз. Ушул көрүнүштөр сизди ойлондуруп жатат. Бирок, ойлонуу менен сиз дароо бир чечим чыгарууга ашыкпаңыз. Мисалга, балаңыздын тамакка болгон табити азайып, түн ичинде уйкусу бузулуп жатса. Ошондой эле, балаңыздын башы жана ичи бат-баттан ооруса-балаңыздын стресске кабылгандыгынын белгиси болуп саналат.

Стресске кабылуудагы негизги себептери

1.Баланын күн тартибинин өзгөрүшү. Мисалга, балаңыз жаңыдан бала-бакчага барып баштады. Эрте менен эрте туруу, балдарга көнүү сыяктуу көрүнүштөр баладагы стрессти пайда кылат.

2.Акыл-эске жана физикалык жактан күч келтирүү

Албетте, ар бир ата-эне баласын акылдуу болуп, көптөгөн ийгиликтерди багындыруусун каалайт эмеспи. Ошон үчүн, баланы түрдүү ийримдерге берип, ага кошо күнүмдүк тапшырмаларды да жүктөп коёбуз. Бул туура эмес. Бул нерсе балага күч келип, стресске кабылуусуна дуушар кылат.

3.Чөйрө алмаштыруу

Үй-бүлө башка жакка көчүп, чөйрө алмашканда да бала стресске кабылат. Анткени, анын ал чөйрөгө көнүү адаптациясына убакыт талап кылынат.

4.Телевизор көп көрүү жана компьютердик оюндарды ойноо

Ашыкча теле көрсөтүүлөрдү көрүү жана онлайн оюндарын ойноо баланын түздөн-түз нерв системасына таасирин тийгизет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу