Бала сатуу иштери сотко өттү

Бала сатуу фактысы боюнча иш тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул боюнча отурумду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-февралга белгиледи. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу боюнча 7 кишиге айып тагылган. Алар акыркы 5 жыл ичинде 8 наристени соодалап, 33 жумалык боюнда бар келинге мыйзамсыз аборт жасаганы аныкталган. Дарыгерлер саткан 7 бала табылган. Азыр алар багып алган ата-энесинин колунда. Ал эми бир бөбөктүн тагдыры белгисиз. Кылмышка шектелип жаткандардын төртөө учурда үй камагында. Алардын айрымдары ишин улантып, боюнда бар келиндерди кабыл алып жатканы айтылууда.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу