Бала сатмай токтой элекпи?

Жогорку Кеңештин 18-январдагы жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдар үйүнүн жетекчилиги эки кызды кыргызстандык үй-бүлөгө бербей, зордоп АКШнын жарандарына багууга беришкенин айтып чыкты.

Бул туурасында: “Интернат жетекчилиги кыздарды жергиликтүү үй-бүлөгө көрсөтпөй жашырышкан. Кыргыз­стандык ата-эне келгенде кыздарды ооруканада деп айтышкан. Чындыгында, алар интернатта болгон. Ал эми АКШлык үй-бүлө менен жолуктурууга түнү алып чыгып барышкан. Кыздардын каршылыгына, ыйлаганына карабай багууга уруксат беришкен»-деп билдирди.

Албетте, бул кылмыш жыттанган ишти Башкы прокуратура иликтеп, ак-карасын териштириш керек. Себеби буга окшогон көрүнүштөр көп катталган. Чыр да чыгып, кылмыш иши козголгон учурлар бар. Андыктан интернаттын жетекчили­ги менен кошо социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын дагы жоопкерчилигин караш ке­рек.

Анткени министрдин башын аттап алар эч нерсе кыла алышпайт. Чет элдик бала багып алуучулар министрлик аркылуу документтерин тууралашат. Демек бул кыңыр иште Исаку­нованын дагы кулагы чыгышы мүмкүн.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу