Бала акылдуу болуп өсүш үчүн эмнелерди жасоо керек?

Адистер балдардын акылдуу болуп өсүш үчүн, эмнелерди жасап, кандай жолдорду колдонуу керектигин айтышты. Анда эң эле жөнөкөй жол болуп- балдарга ата-эненин мээрими, кучактоосу, башынан сылоо керектиги айтылат.

Баланын жөндөмүн арттыруучу жолдор

1.Китептерди көп-көптөн окуп бериңиз. Эң кызыгы балага эрте куракта китеп окуп баштаган жакшы. Себеби, сиз канчалык эрте окуп баштасаңыз, анын ошончолук сөз байлыгы артмакчы.

2.Баланын ойноосуна тоскоол болбоңуз. Анткени, бала канчалык көп ойногон сайын, балдар менен байланыш түзүүнү үйрөнөт.

3.Оюндарды балаңыз менен биргеликте, чогуу ойноңуз.

4.Балаңызга кичинесинен эле баштап, чоң адамдардай мамиле жасап баштаңыз.

5.Музыканын жардамы менен баланын мээси жакшы өсөт.

6.Техникалык каражаттар да балдардын өнүгүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Албетте, аны колдонууда, балдарга чектөө киргизүү керек. Мындан тышкары, балдарга арналган программалар ж.б.

7.Туура тамактануу эрежеси дагы, чоң ролду ойнойт. Анткени, баланын мээси жакшы өсүш үчүн, түрдүү витаминдерге бай тамак-аштарды колдонуу да чоң ролду ойнойт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу