Балаңыздын оозунан чыккан жагымсыз жытка көңүл буруңуз!

Ооздон чыккан жагымсыз жыт жаш балдарда дагы байкалат. Бул көрүнүш алардын жаш өзгөчөлүгүнө карата дагы болмокчу. Балдардын адиси Ысмайыл Йылдыздын айтымында баланын оозунан чыккан жыт физиологиялык жана паталогиялык болуп бөлүнөт. Анын себебин аныктап, убагында дарыгерлерге кайрылуу керектигин эскертет.

Адис ата-энелерди төмөнкүлөргө көңүл бурууга чакырат.

1.Физиологиялык ооздон чыккан жыт

Бул баланын таң эртең менен оозунан чыккан жыт. Мында баланын организминдеги минералдарга, витаминдердин жетишүү жана жетишпестигине байланыштуу. Мисалга, организмде А жана В12 витминдеринин жетишпестиги. Ошондой эле дененин кургоосу себеп болот.

2.Ооз көңдөйүнүн ичиндеги органдарга байланыштуу

Ооздогу ар кандай инфекциялар, бактериялар, тамак-аш калдыктары ооздон чыккан жагымсыз жытты пайда кылат. Ооздун кургоосу, курт жеген тиштер ж.б.

3.Дем алуу органдарына байланыштуу

Дем алуу органдарындагы инфекциялар, синусит, мурун оорусу, мурдунан суу куюлуу, ички инфекциялык оорулар себеп болот.

4.Ашказан жана ичеги ооруларына байланыштуу

Гастрит, боор оорусу, жана ар кандай инфекциялык бактериялар.

5.Тамак-ашка байланыштуу ооздон чыккан жыт

Түрп, пияз, сарымсак, капуста жана сүт тамак-аштары.

6.Системалык оорулар

Кант диабет, бөйрөк, уулануу жана залалдуу шишик оорулары.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу