Балаңызга сабак окууда эмне тоскоолдук жаратууда?

Адам өзүнө керектүү убакытты болбогон нерселер үчүн жумшап жиберет. Эч нерсеге көңүл бурбай, берилген тапшырманы аткаруу ал үчүн да кыйын. Кэл Ньюпорт атуу америкалык окумуштуу илимге «жумуш туңгуюгу» деген термин киргизген. Анын оюнча, жумуш туңгуюгу деген — агартуучулук. Ал адам жасай алган дүйнөлөрдү ишке ашыруу үчүн чоң талап менен туруктуу көңулдү керектейт. Ошону менен катар, адамдын жөндөмдүүлүгүн артыра түшөт. Тактап айтканды, адам жумушка канча тыңгылыктуу болсо, жумуш да ошончолук сапатуу болот. Эгер сиздин жумушуңуз – сабак окуу болсо, бул маалымат сиз үчүн.

Колду эмне байлайт?

Сабакка сүңгүп кирип кетүү узак убакытты талап кылат. Бирок интернет, социалдык желе, дегендер колуңузду байлап таштайт.ошол себептен сабакка дароо отуруп окуй баштоо өтө кыйын. Интернет биздин өлкөдө акыркы жылдары өнүгө баштады. Анын болгону да жакшы. Бирок адамдарда керексиз маалыматтардан калкан болгон коргон – иммунитет жок.

Дүйнөлүк желелер менен тиркемелер – көчөдөгү оюн автоматтары сыяктуу. Бир артыкчылыгы убактыңызды жейт. Аларды жаңырткан сайын мээңиз ашыкча маалымат менен «майланып» жатканын байкабайсыз.

Үйдө жана көчөдө кандай алаксыбоого болот?

– Уюлдук телефонуңуздан дүйнөлүк желе кошумчасын өчүрүп таштаңыз (колдон келсе).

– Смартфонуңузду көздөн алыс коюңуз. Уктаар алдында таптакыр колдонбогон жакшы.

– Чөнтөгүңүзгө эмес, сумкага салып коюңуз: колуңуз жетпеген жерге салып койсоңуз, ого бетер жакшы.

Сабакта кантип тынч, алаксыбай отурууга болот?

– Телефонуңузду «Үнсүз» режимге коюңуз, үстөлдүн үстүндө көрүнбөгөн жерге катыңыз.

– Компьютериңиздин терезесин толук режимге коюңуз.

– Почта, социалдык желелерге эртең менен 30 мүнөт гана бөлүңүз.

– Классикалык жана заманбап аспаптык музыканы угуңуз.

 БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу