31-июль күнү Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан табылган ымыркайдын энеси кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1995-жылы Нарын облусунда туулган Б.Ж. экени белгилүү болду.
Учурда баласын таштай качкан келин убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын энеси издөөгө алынган.
Булак: Каганат