«Балапан» Бабановду АКШ каржылайбы?

“Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн” артык деген Бабанов караанын көрсөтпөй өлкөдөн чыгып кеткенине 4 айдын жүзү болду. Ошол күндөн баштап ортого түшчү ишенген адамдарын Атамбаевге жөнөтүп, бул жактагы байлыгын, мүлкүн сактап калууга жан үрөп жатканы көп эле сөз болду.

“Балапан” Өмүкеге тийиштүү болгон НТС телеканалы менен “Санжыра” радиосу азыр Фарид Ниязовдун көзөмөлүндө экени айтылууда. Орустардын НТВ деген каналы аркылуу алардын идеясын кыргызга кеңири сиңирген НТС эми АКШнын каржылоосунда болот.

ЮСАИД деген АКШнын долбоору болгон институт орустардын көз карашын туу туткан НТСке грант бөлүп бермей болгону таң калыштуу болууда. “СЭМ” байкелерди грант берүүгө Фарид Ниязов көндүрдү бекен же Бабанов четте жүрүп, янкилер менен иш кылып жатабы?

Булак: «Жаңы ОРДО»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу